STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 024 (Very good)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

24. Абдан жакшы


Бешинчи класста толук шаттык өкүм сүрүп турду. Математика мугалими окуучуларга текшерүү иштерин таратып берди. Кээ бир окуучулар жеңилдене дем алышты. Алар корккондой төмөн баа алышпаптыр.

Мен Библиядан көп окуучулар кыялданган бааны таптым. Ал – «5+»!

Кайдан таптым дейсиңерби? Дүйнөнүн жаралышы баяндалган барактардан таптым. Кудайдын жаратуусу «5+» деген эң жогорку бааны алган.

Кудайдын жараткандары кандай керемет экенине мен дайыма суктанам: татынакай козулар, мыймый, күчүктөр, кибиреген кумурскалар, килейген пилдер. Күлкүлүү маймылдар, ар кандай балыктар жана куштар.

Жаныбарларды жаратардан мурун, аларга азык болсун деп, Кудай өсүмдүктөрдү жараткан. Ошондой эле түркүн гүлдөр: кичинекей байчечекей жана чоң күнкарама, сулуу роза жана жыпар жыттуу фиалка. Бардык гүлдөрдү Кудай көбөйүшү үчүн уруктуу кылып жараткан. Жаратуучу бардыгы үчүн кам көргөн. Адегенде жарыкты жараткан, жарыксыз жашоо болбойт да.

Кудай бардыгын жараткан. А кантип жаратканын билесиңерби?

Сөзү менен жараткан. Ал: «Жарык болсун!» – дегенде жарык пайда болгон. Биз көрүп турган бардык нерсени Кудай Өз Сөзү менен жараткан. Башында бир нерсе өсүп чыккыдай, же пайда болгудай эч нерсе жок болчу.

Эч кандай кокустук болгон эмес, чоң жарылуу да болгон эмес – чексиз кудуреттүү Кудай гана жоктон барды жараткан.

Ошондо Кудай эң сонун нерсени жараткан.

Кудай: «Адамдарды жараталы!» – деген. Өзүнүн ажайып ою менен Ал эркек менен аялды жараткан.

Алтынчы күнү Кудай жараткан нерселеринин баарын карап кубанган, анткени баары абдан сонун болгон. Анан Ал бардык жараткандарын Адам ата менен Обо энеге берген.

Алар бир күнү шумдуктуу окуя болуп кеткенге чейин, бейиште Кудай менен жыргап жашашчу.

Эмки уктурууда мен силерге ошол эң кайгылуу окуяны айтып берем.


Катышуучу: Айтып берүүчү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:27 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)