Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 130 (God is love)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

130. Кудай – сүйүү


Кыз: «Ками но аи кашикоши».

Бала: «Эго да славит; Бог эст лйубов».

Кыз: «Аллах сэвгидир, сэвэр бэни».

Таң калбагыла, балдар, каңырыш уккан жоксуңар! Биздин кичинекей тил мектебибизге кош келгиле.

Келгиле, чогуу окуйлу! Үч мүнөттүн ичинде силер дүйнөдөгү эң маанилүү сөздөрдү башка тилдерде айтууну үйрөнөсүңөр.

А кайсы сөздөр эң маанилүү? Бул суроого жан дилим менен жооп берем:

Кудай – сүйүү жана Ал сени сүйөт!

Улуу, асман менен жерди жараткан чексиз кудуреттүү Кудай силерди сүйөрүн элестеткилечи! Биздин күнөөлөрүбүздүн жазасын Өз мойнуна алып, биздин ордубузга өлгөн жалгыз Уулун жерге жиберүү менен Ал Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди.

Ыйса Кудай менен бул жерде да, кийин асманда да мамилебиз болушу үчүн өлдү. Кудайдын сүйүүсү ушунчалык улуу. Ал эч качан бүтпөйт.

Ошондуктан Ал бизди сүйөт деп ишенимдүү айта алабыз.

Бир африкалык тилде бул сөздөр мындай айтылат:

Хатала синта, то тото домини. Хатала синта, тау тен янг конг.

Ыр: «Хатала синта, то тото домини...» (wav форматындагы файл кошулат)

Эми келгиле, бул маанилүү сөздөрдү немис тилинде жаттайбыз.

Готт ист ди либе, ляст мих эрлёзен. Готт ист ди либе, эр либт аух мих.

Ыр: «Готт ист ди либе...» (wav форматындагы файл кошулат)

Бул Библия бизге үйрөткөн чындык:

«Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакандын Жакшы Кабары 3:16).

Кудай чындыгында силерди абдан сүйөт! Ошондуктан Библиядагы бул аятка Темирландай болуп, өз атыңарды койсоңор болот.

Темирлан: «Кудай Темирланды абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди».

Кайсы тилде сүйлөгөнүнө карабай, терисинин түсүнө карабай, Кудай бардык балдарды сүйөт. Классташтарыңар бул тууралуу билеби? Силер аларга айтып бергиле, достор! Анан аларды кичинекей тил мектебине чакыргыла.

Эми эң маанилүү сөздөрдү түрк тилинде угалы:

Аллах сэвгидир, Куртарыджымдыр, Аллах сэвгидир, сэвэр бэни.

Ыр: «Аллах сэвгидир, Куртарыджымдыр...» (wav форматындагы файл кошулат)

Эсиңерде чыгарбагыла, Кудай сүйүү жана Ал силерди сүйөт! Сүйүүнүн Кудайы тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Анда бизге жазып жибергиле.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, Темирлан

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:48 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)