Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 105 (The sign on the door 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

105. Эшиктеги белги 5


Эртең менен үйгө жүк ташуучу машина келди.

Бала: «Апа, келишти!»

Апасы: «Чымчыгыңды капасы менен алып бара бересиңби?»

Баласы: «Чи-чи, угуп атасыңбы? Биз көчүп атабыз! (чымчыктын үнү) Сүйүнүп атасыңбы? Мен аябай сүйүнүп атам!»

Ата-энелери үчүн болсо абдан оор күндөр болду.

Ананчы. Тээ илгерки убакта бир эле үй-бүлө эмес, бүтүндөй бир элдин көчүшү кандай оор болгон, элестетип көргүлө!

Ысрайылдыктар мурда эле кулчулуктан бошонуп, Мисирден кеткилери келген. Бирок аларды фараон кетирген эмес. Аларды күч менен кармап, көп иштегенге мажбурлаган. Ошондо алар күнү-түнү жалбарып, Кудайдан жардам сурашкан. Кудай көп керемет кылган, бирок фараон жүрөгүн катуулантты. Кудай Мусага дагы буюрду.

Кудай: «Муса, фараонго бар. Бүгүн түнү мен Египет жерин аралап өтөм, ар бир үй-бүлөнүн тун уулу өлөт».

Кечинде бир ысрайылдыктын үйүндө бир бала атасынын козу мууздап атканын карап турду.

Иешуа: «Ата, козу эмнеге өлдү, эмнеге сойдуңуз?»

Ата: «Ал сен жашашың үчүн өлдү, уулум. Кудайдын талабы ушул».

Атасы козунун канынан бир аз алды да, эшиктин кашегине сүйкөп койду. Оң жагына, сол жагына жана өйдө жагына сүйкөдү.

Атасы: «Кан Кудай үчүн белги болот. Бүгүн түнү Кудай үйүбүздүн жанынан өтөт. Канды көрүп, бизди сактап калат».

Иешуа: «Козуга аябай боорум ооруп атат, бирок ал өлгөндүктөн мен аман калам».

Ар бир ысрайылдык үй-бүлө эшиктин кашектерине козунун канын сүйкөдү.

Атасы: «Иешуа, уулум, үйгө кир, караңгы кирип калды. Жолго камданышыбыз керек».

Алар шаша-буша тамактанышты, отурушкан да жок. Түн ортосуна чамалап калган кезде бүт өлкөдө өкүрүк угулду. Ар бир мисирликтин үйүндө тун уулу өлдү.

Фараон: «Египеттен чыгып кеткиле! Тезирээк! Оокат-кечеңердин баарын алгыла да, калтыргыла бизди. АЗЫР КЕТКИЛЕ!»

Ошол түнү миллиондон ашык адам: эркектер, аялдар жана балдар Египеттен чыгып кетишти.

Иешуа тирүү калды. Атасы аны колуна алды. Эшиктин кашегиндеги белги аларды коргоп, өмүрүн сактап калды.

Кудай адамдарды куткаргысы келет. Ал өмүрдү каалайт, өлүмдү эмес.

Теңир Ыйса айкаш жыгачка керилип өлгөн. Анын каны – Кудай бизди түбөлүк өлүмдөн куткаргысы келгенинин белгиси. Ошондуктан Ыйса мындай деген: «Мага ишенген адам өлсө да, тирилет» (Жакан жазган Жакшы Кабар 11:25).


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, апасы, Кудай, Иешуа, атасы, фараон

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on August 17, 2022, at 04:48 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)