Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 101 (Well-hidden 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

101. Жакшы катылган 1


Улан кубанган бойдон балдар сабагына чуркап кетти. Эми менин балам бар дегенде, күлкүбүздү токтото албай калдык!

Илгери-илгери Египетте Мариам кичинекей иниси төрөлгөнүнө кубанган. Ал аябай татынакай эле! Бирок Мариам ал жөнүндө эч кимге айта алган жок. Фараондун катаал буйругунан улам, апасына баланы жашырууга туура келди.

Фараон: «Ысрайыл элинин тездик менен өсүп атканынан кооптоном. Эртеңки күнү бизге каршы көтөрүлөбү деп корком. Ошондуктан буйрук берем: ысрайылдык аял уул төрөгөнүн көрсөңөр, баласын тезинен алып, Нил дарыясына ыргыткыла».

Кандай коркунучтуу буйрук! Ысрайылдыктарды кул кылып алганы фараонго аздык кылабы?

Ошондой болсо да, Мариамдын ата-энеси Кудайга таянып, жаңы төрөлгөн уулун үч ай жашырышты. Кудайдын көрүнбөгөн колдору ымыркайды коргоду. Бала чоңоюп жатты, ата-энеси аны жашыра албай калышты.

Мариам: «Апа, бул камыштан эмне жасайсың?»

Апасы: «Себет токуйм. Мына мындай… эми капкагын жасайм. Чайыр салынган идишти берип койчу мага»

Мариам: «Аны эмне кыласың?»

Апасы: «Себетке суу өтпөшү үчүн, муну ушундай кылуу керек. Мариам, сүйүктүү ымыркайыбызды сууга кое бербегенге аргабыз жок».

Мариам: «Кантип кое беребиз? Эмне кылып кое бересиң?»

Апасы: «Себетке салам да, дарыянын камыш коюу өскөн жагына кое берем».

Мариам: «Андан ары эмне болот?»

Апасы: «Андан ары күтө турабыз да – Кудайдын көрүнбөгөн колдору аны кандай коргорун көрөбүз».

Алар үндөбөй дарыяга жөнөштү. Апасына баласын дарыяга салуу оңой болгон жок, бирок ал Кудайга таянгандыктан, ушундай ишке батынды.

Апасы: «Мариам, камышка жашынып, эмне болорун байкап тур. Мен үйгө кайтайын, көрүп калышпасын бул жерден».

Бир аздан кийин Нил дарыясынын жээгине фараондун кызы жан жөкөрлөрү менен, жуунуу үчүн келди.

Ханбийке: «Бул эмне? Кандай кооз себет. Аны мага алып келгилечи».

Мариамдын жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Ханбийке бөбөгүн эмне кылар экен? Нил дарыясына ыргытып иеби? (баланын ыйлаган үнү)

Ханбийке: «Кичинекей бөбөк. Ысрайылдыктардын баласы экен. Кандай татынакай! Байкушум, боорум ачып атат».

Мариам жашынып турган жеринен чыкты.

Мариам: «Баланы эмизип бере турган аялды чакырайынбы, сага баланы тойгузуп берсин?»

Ханбийке: «Жакшы ой. Чакыр!»

Кимди чакырганын, албетте, баамдадыңар да. Ал апасын чакырды, анан апасына өзүнүн баласын бир нече жыл багууга мүмкүндүк беришти. Мариам апасы экөө көрүнбөгөн колдору менен кереметтүү түрдө коргогон Кудайга ыраазычылык билдиришти. Кудай сени да көп жолу коргогон, чынбы? Коргоп жүргөнү үчүн азыр Ага ыраазычылык билдир!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, фараон, Мариам, апасы, ханбийке

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:45 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)