STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 143 (Like the Chinese 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

143. Кытайлык сыяктуу 4


Хадсон Тейлор 5 жашында чоңойгондо ким болорун билген.

Х.Т.: «Чоңойгондо Кытайга барып, Кудайга кызмат кылам».

21 жашында Кытайга саякаттап, алардын тилин үйрөнүп, көптөгөн кытайлыктарга Ыйса тууралуу айтып берген. Бирок кээде жакшы иштер эбегейсиз кыйынчылыктарды алып келет.

Киши: «Эй, эмне кылып жүрөсүң бул жакта? Жогол нары!»

Аскер: «Чет өлкөлүк шайтанды жана ал тарапта болгондордун баарын өлтүрөбүз!»

Киши: «Жок, аны башкаруучуга алып барабыз».

Аскерлер кызматчыларды таш боордук менен сабап, Хадсонду муунтуп өлтүрүп сала жаздашты. Анын бүт денеси ооруп турду, бирок ал тамашакөйлүгүнөн жазган жок.

Х.Т.: «Карман, досум! Күндөлүккө жазганыбызга жакшы болот!»

Ыйсага болгон сүйүүсүнөн улам алар кызматын уланта беришти. Анткени Ыйса айкаш жыгачта ар бир адамдын күнөөсү үчүн өлгөндө алда канча оор азап тартпады беле. Хадсон мына ушуну ойлонуп, Ыйса Теңирди мурдагыдан да көбүрөөк сүйдү. Аны сотко алып келишкенде, ага ушул күч берип турду. Башкаруучу алардын түшүндүрүүсүн укту.

Х.Т.: «Биз Янчжоунун элине Куткаруучу Ыйса тууралуу айтып бергибиз келет. Ал баарын сүйөт. Бул тууралуу Библияда жазылган. Бул Китепти биз сизге тартуу кылабыз».

Башкаруучуга бул жагып калды. Уруп-сокпой эле, анын ордуна аларга чай берди. Түрмөгө камагандын ордуна ал Ыйса тууралуу насаат айтканга уруксат берди.

Муну кылган Ыйса болчу. Хадсон Ыйсага ыраазылыгын айтты. Аз убакыттан кийин ал үйүнө келди. Аябай чарчаган эле. Анын өрдөктүн жумурткасы менен күрүчтү кантип таякчалар менен жеп атканын кытай жардамчысы карап отурду.

Кытай: «Тейлор мырза, сиз бизге окшоп тамактанасыз, биздин тилибизде сүйлөйсүз. А эмне үчүн биздей кийинбейсиз?»

Х.Т.: «Эмнеге? Жакшы суроо! А мага ошондой кийинүү керекпи?»

Кытай: «Бизге окшоп кийинсеңиз, адамдар сизди көбүрөөк угушмак».

Х.Т.: «Хм! Ыйса бул дүйнөгө келгенде, бизге окшогон адам кейпин кийген. Мен дагы кытайлыктардай болгум келет. Сиз мага жардам бересизби?»

Хадсон Ыйсаны сүйгөндүктөн англиялыктардын узун пальтосунун ордуна кытайлыктардын кийимдерин кийип калды. Ага узун кара чач жасап беришти.

Кытай: «Эми сиз кытайлыкка окшоштуңуз!»

Чунминдао аралында Хадсон Тейлор элге Библияны үйрөтүп, оорулууларды карап жүрдү.

Ал жактан да күтүүсүздөн кыйынчылыктар пайда болду.

1-аял: «Ак ниет Тейлор мырза аралдан чыгып кетиши керек экен дешти го».

2-аял: «Биздин дарыгерлердин ага ичи тарып атышат. Анткени анын кардарлары көп, дарылары да алардыкынан жакшы».

1-аял: «Алар ал тууралуу башкаруучуга капкайдагынын баарын айтышыптыр».

Анан… Андан ары эмне болгонун эмки берүүдө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Хадсон Тейлордун бала чагы, Хадсон Тейлордун чоңойгон кези, киши, аскер, кытай, 1-аял, 2-аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:21 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)