STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 117 (Sad Christmas memory 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

117. Кайгылуу төрөлүү майрамы 1


Майя уйкулуу көзү менен капталына оодарылды. Капыстан бүгүн Төрөлүш майрамы экенин эстей коюп, төшөгүнөн ыргып турду!

Майя: «Клаус, Клаус, каяктасың?»

Клаус: «Майя, бери келчи батыраак».

Майя: «Короого эмне чыгып кеттиң? Ооруп каласың».

Клаус: «Майя, Аяз ата келиптир! Ал бизге, тоого келе албайт дебедиң беле! Бирок мен баары бир кызыл байпагымды сыртка илип койгом. Карачы, ал мага бир нерсе алып келиптир!»

Майя караса, мышыктын баласы, апакай мыймый экен. Клаус аны үйгө алып кирди.

Клаус: «Мен аны Кар деп атайм. Ой, кандай жыргал!»

Клаус мыймыйга жылуу сүт ичирди. Майя болсо апасынын термелме отургучуна отуруп, аны карап отурду. Ал 5 жыл мурдагы Төрөлүү майрамын эстеди.

Ал анда 7 жашта эле. Аны кошунасы жана анын уулу Фридли менен кошуп, Ыйсага ишенгендердин чогулушуна жиберишкен. Майяга хордун ыры, кайтаруучунун Ымыркай Ыйса жөнүндө айтып бергендери аябай жаккан. Бирок Фридлини – ушул кара чач баланы ал аябай жаман көрчү. Ал Майядан таттуу токоч сурады эле, Майя бербей койгон. Эч качан бербейм! Ал ачуулана бурулуп алып, үйүн көздөй кетип калган. Мына ушундай болгон! Майя Төрөлүү майрамын кубанып күтүп жаткан. Ал атасынын капалуу жүзүн көрүп, таң калды.

Майя: «Апам өзүн жаман сезип атабы?»

Атасы: «Ооба, Майя, ал катуу ооруп атат. Ал сени көрөйүн дейт».

Майя аста апасынын төшөгүнө жакындады. Апасынын алсыраган үнү менен айткан сөздөрүн ал эч качан унута албайт:

Апасы: «Майя, менин сага белегим бар. Ал сенин кичинекей иниң. Аны жакшы кара».

Майя бөбөгүн колуна алган. Апасы муну менен эмнени айткысы келди экен? Бир аздан кийин жанына атасы келген.

Атасы: «Майя, эми апаң жаныбызда жок. Ал Төрөлүү майрамын асмандан майрамдайт. Ал кетерин билген, ошондуктан кичинекей Клаусту сага берди».

Майя көпкө чейин, атасынын колунда уктап калгыча ыйлаган. Ошондогу Төрөлүү майрамы абдан кайгылуу болгон.

Майя катуу ойго чөгүп, бөлмөгө чоң апасы кирип келгенин да билбей калды.

Клаус: «Чоң апа, бизге асман жөнүндө айтып бересиңби?»

Клаус чоң апасынын көз жаш болбой турган ажайып жер жөнүндө айткандарын угууну жакшы көрчү.

Бирок Майянын жүрөгү тынч ала албай турду, анткени ал Фридлиге дагы эле ушунчалык ачууланып аткан, жүрөгүндө Ыйсага орун калган эмес. Ошондуктан абал улам начарлай берди. Эмки берүүбүздө андан ары эмне болгонун биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Майя, Клаус, атасы, апасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:43 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)