STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 116 (Bill‘s special Christmas tree)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

116. Богдандын өзгөчө балатысы


Бакай: «Шумдук! Балатынын баары сатылып кетиптир. Апа, биз аябай создуктурдук!»

Апасы: «Кичине коё турсак арзаныраак алабызбы деп ойлободумбу. Билесиң да, акча аз».

Бакай: «Зарина кечээ балаты үчүн сыйынган. Ал аябай капа болот, башкалар деле».

Бакай атасын эстеди. Атасы тирүү кезинде алар балатыны дайыма эрте эле алып коюшчу. Атасы жокто баары башкача болуп калды.

Апасы: «Бакай, карасаң, мына балаты. Саламатсызбы, балаты канчадан?»

Киши: «Бул сатылбайт. Балдарыма калтырып койдум. Бүгүн балаты алып келбесем алар аябай капа болушат. Төрөлүү майрамыңар менен!»

Ушундай деди да, ал киши нары басып кетти. Бакай апасы экөө жерден бир нече бутак тандап жыйнап алып, үйүнө алпарышты. Эшиктин оозунан төрт кыз – Бакайдын карындаштары тосуп алышты.

Кыз: «Балаты алып келдиңерби?»

Апасы: «Жок. Айла жок!»

Баары унчукпай кечки тамакка отурушту. Тамак үчүн Зарина сыйынмак.

Зарина: «Кымбаттуу Ыйса Теңир, Сенден балаты сурадым эле. Сен мени чын эле уккан жоксуңбу? Билбейм… Мейли эми, азыр кеч да болуп калды. Ушул кечки тамакты бергениң үчүн ыраазыбыз. Оомийин».

Кечирээк, кыздар уктаганы кетишкенде Бакайга бир ой келди. Маки алды да, шыпыргынын ар кайсы жерин тешип, аларга балатынын бутактарын сайып койду. Ал кулабай турушу үчүн, кум салынган чакага тургузду. Андан кийин шыпыргыны күрөң кагаз менен ороп койду.

Апасы: «Бакай, сонун болуптур! Азаматсың! Мен оюнчуктарды алып келейин. Кооздоп туруп, үстүнө периште коюп коёбуз. Кыздар аябай кубанышат».

Заринанын кубанычы койнуна батпай турду.

Зарина: «Бакай, бир да жолу балатыбыз мынчалык кооз болгон эмес. Бул Ыйсанын менин сыйынуума берген жообу!»

Кудуңдап кубанган балдар апасын тегеректеп отурушту. Апасы аларга Төрөлүү майрамындагы окуяны окуп бере баштады.

(китептин баракталган үнү)

Апасы: «Ошентип, Мариямдын тун Уулу төрөлдү. Ал Аны жалаякка ороп, акырга жаткырды».

Андан кийин апасы Ыйса айкаш жыгачка керилгендеги окуяны да окуп берди. Эмнеге?

Апасы: «Ыйсанын айкаш жыгачы жыгачтан жасалган болчу. Ал жыгач майрамдык балатыга караганда алда-канча маанилүү. Ыйса Теңир бул жерге биздин ордубузга өлүш үчүн келген. Айкаш жыгачсыз Төрөлүү майрамынын мааниси болмок эмес».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Бакай, апасы, киши, кыз, Зарина

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)