STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 033 (Farewell from the mountain)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

33. Тоодогу коштошуу


Бала: «Ура! Бейшемби күнү окубайбыз. Дем алуу!»

Кыз: «А эмне майрам экен?»

Бала: «Теңирдин жогору алынышы».

Кыз: «Ал эмне?»

Бала: «Чынын айтсам, мен деле билбейм».

Түшүндүрүп берейинби?

Бала: «Ооба, билгим келет».

Теңирдин жогору алынышы Ыйсанын жер үстүндөгү ишин бүтүргөндөн кийин, асманга кайтканын эскерүү үчүн белгиленет. Бул окуя Пасах майрамынан туура 40 күн кийин болгон. Ушул 40 күндүн аралыгында Ыйса шакирттерине көп жолу көрүнгөн. Алар Аны көрүп, угуп, Аны менен ичип-жешкен. Бир жолу Ал 500дөн ашык адам жыйналганда көрүнгөн.

Пасах майрамынан 40 күн өткөндөн кийин тирилген Ыйса шакирттерин Зайтун тоосуна ээрчитип барды. Ал алар менен өзүнчө болгусу келип, кетээр алдында маанилүү бир нерсе айтайын деген.

Ыйса: «Мен Кудайдын ишин аткардым. Силер эми бүт дүйнө жүзүндөгү адамдарга Мен алар үчүн өлгөнүмдү жана тирилгенимди айтып бергиле. Алар Мага – Теңирге кайрылып, мени менен түбөлүк асманда жашашсын. Эсиңерде болсун, Мен дайыма силер менен болом, Мен тууралуу айтканга силерге күч берем».

Ыйса колун көтөрүп, шакирттерине батасын берди. Ошондо Аны булуттар жаап, Ал көрүнбөй калды, Кудайдын көрүнбөгөн дүйнөсүнө алынып кетти.

Бала: «Ыйса асманда азыр эмне кылып жатат?»

Ал бардыгынын үстүнөн бийлик кылат, биздин сыйынууларыбызга жооп берип, биз үчүн Кудайга сыйынат.

Ал асманда Өзүнө ишенген бардык адамдар үчүн орун даярдайт.

Кыз: «Мен бул тууралуу Библиядан окугам. Мына бул жерде. Ыйса мындай деген: "Атамдын үйүндө орун көп… Мен силерге орун даярдаганы баратам"».

Бала: «Ыйса алардын жанында калбаганы үчүн шакирттер кайгырышкан жок беле?»

Жок. Анткени Ал аларга бир убада берген.

Бала: «Ал кандай убада эле?»

Бул тууралуу силерге эмки берүүбүздө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:08 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)