Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 163 (Secret in the Wilden woods 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

163. Жапайы токойдогу сыр 1


Руттун маанайы суз. Маргарит эже анын жүрүш-турушу үчүн жазалап, кечки тамакты бербей туруп, уктаганга жөнөттү.

Филип карындашынын бөлмөсүнө акырын кирип барды.

Филип: «Рут, бул сага. Билгизбей чөнтөгүмө салып алгам».

Руттун курсагы аябай ач эле. Ал бутербродду оозуна салып бир тиштеди.

Рут (оозун толтуруп алып): «Филип, мен өзүмдү жакшы эле алып жүрөйүн дейм. Бирок эмнеге анте албайм?»

Филип: «Билбейм. Сен капа болбогонго аракет кылсаң, ошондо ачууланып сүйлөбөй каласың. Маргарит эже – ак көңүл аял. Ал бизди ата-энебиз Кудайга кызмат кылуу үчүн Индияга кеткенде багып калган».

Рут үшкүрүнө бутербродду дагы чоң тиштеди.

Капыстан Маргарит эженин басып келатканы угулду. Филип өз бөлмөсүнө чуркап барып, чечинбестен жуурканга ороно калып, жатып калды.

Маргарит эже: «Бейпил түн, Филип. Бейпил түн, Рут».

Филип: «Бейпил түн, Маргарит эже».

Рут уктамыш болуп калды.

Эртеси эртең менен Филип каникул күндөрүнө план түзө баштады.

Филип: «Биз Уилден токоюн изилдейбиз. Мүмкүн бүгүн суу жээгинде балапандар чыгат. Жандуу жаратылышты изилдөөнүн чыныгы борборун, алачыкты жасайбыз».

Идея Рутту аябай суктандырды.

Балдар ичке чыйыр жол менен токойго чуркап жөнөштү.

Рут Тэннер мырзанын койлорун караганы токтоп калды. Кичинекей козу жанына келип, Руттун колун жалады. Ал жетим козу эле, ошондуктан ал кээде качып кетчү.

Филип: «Жүрү, Рут, убактыбыз жок».

Алар алачык тиккенге эң ылайыктуу жер табышты. Рут бутак чогултту, Филип болсо алардан алачык курду. Алар күн сайын өздөрүнүн сырдуу жерине келишчү.

Бир жолу Рут үйдө калып, жуулган кирлерди жайышы керек болуп калды. Бул ишти ал аябай жаман көрчү. Ал ачууланчу, кээде жуулган кийим жерге түшүп кетип, булганып да калчу.

Маргарит эже: «Абайлап жайсаң болбойбу? Кечирим сура!»

Рут: «Кечирим сурабайм! Сиз аябай итиркейди келтирген аялсыз, Маргарит эже!»

Маргарит эже: «Рут, мен муну көптөн бери ойлоп жүрөм. Сени интернатка жиберем!»

Рут: «Анда мен качып кетем!» (эшикти жабат)

Рут ачууланган бойдон үйдөн качып кетти. Каякка жөнөдү, өзү да билбейт.

Маргарит эженин сөзү артынан ээрчип алгандай.

(Жаңырып, аягында акырындап чыгат): «Сени интернатка жиберем! Анда мен качып кетем! Сени интернатка жиберем! Анда мен качып кетем!»

Качып кеткен кыз эмне болгонун кийинки берүүбүздөн билесиңер.


Катышуучу: Айтып берүүчү, Филип, Рут, Маргарит эже

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:27 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)