Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 122 (Peter’s life in danger)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

122. Петир өлүм коркунучунда


Бардык үйлөрдө эчак эле жарык өчкөн. Мариямдын үйүндө гана шамдар күйүп турду. Жагымсыз кабардан улам аныкына эл чогулган: Петирди түрмөгө камап коюшуптур. Ал Ыйса жөнүндө айткан, бул Ирод падышанын ою боюнча абдан коркунучтуу кылмыш эле. Чындап эле эртең Петирди өлүмгө өкүм кылышабы? Бирок достору керемет болорунан үмүт үзүшкөн жок, Кудай керемет кыла алат да! Алар күнү-түнү сыйынышты.

Аял: «Ыйса Теңир, Сенден суранабыз, Петирди өлүмдөн сактап кала көр!»

Киши: «Сен керемет жасай аласың. Биз Сага таянабыз».

А бул убакта Петир эмне болду? Келгиле, түрмөгө башбагып көрөлү. Библия – ошол күндөрү адамдар Ыйса менен кандай жашагандыгын көрүүгө боло турган күзгү сыяктуу.

Бала: «Петир уктап жатат! Эртеси күнү өлтүрүшөрүн билип туруп, кантип ал бейкапар уктап атат?»

Кыз: «Аны эки чынжыр менен кишендешиптир. Эки жагынан эки сакчы кайтарып жатат».

Бала: «Дагы экөө эшиктин жанында турушат».

Петирдин өмүрү коркунучта эле. Достору ал үчүн тынымсыз сыйынып жатышты. Ошол түнү Петир жаткан бөлмөдө эмне болорун алар элестете да алышмак эмес.

Капыстан бөлмөгө көз уялткан жарык түштү да, Петирдин алдында периштелер туруп калышты.

Периште: «Петир, тур! Кийин, бут кийимиңди кий да, мени менен жүр!»

Петир периштенин артынан баратты, түш көрүп аткансыйт. Колдорундагы чынжыр да жок. Сакчылар да эч нерсе байкашпады. Түрмөнүн оор эшиктерин көрүнбөгөн колдор ачты. Бир аздан кийин периште жок болуп кетти. Кудай керемет жасайт!

Петир: «Мен бошондум! Мени Ироддон куткаруу үчүн, Кудай периштесин жиберди».

Петир Мариямдыкына чуркап жөнөдү. (эшиктин тыкылдаганы угулат)

Рода: «Бул ким?»

Петир: «Бул мен, Петир».

Анын үнүн угуп, Рода апкаарып калды. Кубанганынан Петирге эшикти да ачууну унутуп, чогулгандарга чуркап келди.

Рода: «Эшиктин алдында Петир турат!»

Киши: «Соо элесиңби! Андай болушу мүмкүн эмес!»

Рода: «Чын! Анын үнүн тааныдым». (эшиктин тыкылдаганы уланат)

Петир: «Ачкыла!»

Киши: «Чын эле, Петир! Кудай керемет кылды!»

(эшик ачылганы угулат)

Аял: «Петир, түрмөдөн кантип кутулуп чыктың?»

Петир досторуна эмне болгонун айтып берди. Кудай кереметтерди жасай алат жана сыйынууга кереметтүү түрдө жооп берет!

Ал бүгүн да чоң жана кичине кереметтерди жасайт. Ага таянгыла!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, аял, киши, бала, кыз, периште, Петир, Рода

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:11 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)