Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 027 (Jesus dies on the cross)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

27. Ыйса айкаш жыгачта өлөт


Бөбөк: «Жүйүттүн Ыйсаны сатып салганы, менимче шумдуктуудай жаман иш болгон».

Бөбөк: «Эмне үчүн Ыйса аларга каршы күрөшкөн жок? Ал бошонуп деле кете алат болчу да!»

Туура айтасың, бошоно алат болчу, бирок баары так ушундай болушу керек эле.

Бөбөк: «Эмне үчүн, такыр түшүнбөйм?»

Кудайдын Уулу бул дүйнөгө биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүүгө келген. Күнөөнүн, тил албастыктын айынан ар бир адам Кудайдан ажырап калган. Күнөөнүн жазасы болсо – өлүм. Бизге Кудай менен мамилени кайрып берүү үчүн, Ыйса Өзү биздин жазабызды мойнуна алууну чечти.

Бөбөк: «А… эми түшүндүм».

Акыркы чечимди сот кабыл алган. Ар жылы Ысрайылдыктардын Мисирден куткарылышы майрамында сот камактагылардан бир адам бошотчу.

Пилат: «Бул жылы кимди бошотоюн? Ыйсаныбы же Бараббаныбы?»

Пилат Ыйсаны бошотоюн деген, киши өлтүрүүчү Бараббаны эмес, ошондуктан ал кайталап дагы сурады:

Пилат: «Бараббаны бошотушумду каалайсыңарбы же Ыйсаныбы?»

Эл: «Бараббаны бошот! Бараббаны!»

Пилат: «А Ыйсаны эмне кылайын?»

Эл: «Асып сал Аны! Асып сал!»

Так ошондой болду. Кудай Уулу камчыдан жараланган далысына оор айкаш жыгачты көтөрдү. Аны Голгофа деп аталган дөңсөөгө алып келишти, ошол жерде Ал биз үчүн өлдү. Ал биз татыктуу болгон өлүм жазасын Өз ыктыяры менен кабыл алды. Ыйса 6 саат айкаш жыгачта керилип турду. Өлөр алдында ал дүйнөдөгү эң маанилүү сөздү айтты.

Ыйса: «Аткарылды!»

Андан кийин Ал көзүн жумду да, бүт дүйнөнүн күнөөсү үчүн курман болду.

Ыйсага ишенген ар ким Кудай менен мамилеге жана түбөлүк өмүргө ээ болот.

Сен буга ишенесиңби?

Кудай Уулу өлгөндө чак түштө асман караңгыланды. Чоң жер титирөө болду! Аскер башынын үрөйү учуп, мындай деди:

Аскер башы: «Шек-күмөнсүз, бул Кудай Уулу!»

Кечинде Ыйсаны мүрзөгө коюшту, бирок Ал ал жерде калган жок. Бизди алдыда эң эле ажайып нерсе күтүп жатат!

Бул тууралуу кийинки уктуруубузда.


Катышуучулар: Айтып беүүчү, эки бөбөк, Пилат, эл, Ыйса, аскер башчы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)