Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 114 (An angel came)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

114. Периштенин көрүнүшү


Максат кызыктуу китеп окуп, диванда жаткан. (Эшиктин коңгуроосу шыңгырайт)

Максат: «Бул ким болуп кетти?» (Эшик ачылат)

Максат: «Алмаз? Каяктан сен?»

Максат аябай таң калды. Мындай күтүүсүз окуядан айтарга сөз таппай калды. Алмаз анын эң жакшы досу эле. Эки жыл мурун көчүп кетишкен, ошондон бери алар жолугуша элек болчу.

Бир жолу Израилде бир жаш кызга күтүлбөгөн бир конок келди.

Алдын ала кабарлабастан келди да, алдына туруп калды. Бул периште болчу!

Биздин Кудай ушундай. Ал күтүүсүздөн, Аны күтпөй турганда келет.

Мариям аң-таң калды.

Периште: «Коркпо Мариям. Кудай сени сүйөт».

Кудай биз менен сүйлөшүүгө келет. Ал бүгүн да келип, Өз Сөзү – Библия аркылуу сүйлөшөт. Кээде Ал керемет көрсөтүп, же адамдар аркылуу сүйлөйт. Библия жок учурда адамдарга көп учурда түш аркылуу сүйлөп, аларга периштелерди жөнөтчү.

Периште: «Мариям, Кудай сени менен. Сен уул төрөйсүң. Анын атын Ыйса коёсуң».

Мариям: «Мен турмушка чыга элекмин да, күйөөм жок! Бул кандайча болот?»

Периште: «Кудай керемет кылат. Сага Ыйык Рух түшүп, сени каптайт. Ошондуктан балаңды Кудайдын Уулу деп аташат».

Мариям: «Мен Кудайга кызмат кылам. Мага сен айткандай болсун».

Анан керемет болду. Бейт-Лехемде, азыркы Вифлеемде, мал акырда Кудайдын Уулу төрөлдү. Биздин дүйнөгө Кудай Өзү Ыйса болуп келди.

Биз Ага келишибиз үчүн, Кудай бизге келди.

Ыйсанын төрөлүшү майрамын мен көп жолу майрамдадым, бирок бул кереметке таң калуу менен сонуркап бүтпөйм. Ыйса аркылуу Кудай бизге жакындады. Адамдар Аны өз көздөрү менен көрө алышты. Ошондуктан койчулар Ыйсанын төрөлгөнүнө абдан кубанышкан.

Кудай бизге келип турат, Ыйса аркылуу Ал сага да келе алат.

Сен аны өз жашооңо чакыргың келеби? Ал үчүн, мисалы, мындай сыйынуу менен Ага кайрылыш керек:

Максат: «Ыйса Теңир, менин жашоомо кирчи. Жүрөгүмдүн эшигин ачып берем. Түбөлүк Сеники болгум келет. Мени сүйгөндүгүң үчүн Сага ыраазымын!»

Сен Кудайга келишиң үчүн, Кудай сага келет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Максат, периште, Мариям

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on August 30, 2022, at 09:02 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)