Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 115 (The greatest Christmas present)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

115. Төрөлүү майрамындагы белек


Кыз: «Ыйсанын төрөлүшү майрамын эки көзүм төрт болуп күтүп атам. Бул жылы каалаганым көп!»

Бала: «Эңсеген кыялым орундалат деп үмүттөнөм».

Дагы күтө турушуңар керек, балдар.

Кыз: «Ооба, тилекке каршы!»

Бактыга жараша, Шымыйон күткөнчөлүк узак күтпөйсүңөр.

Бала: «Шымыйон деген ким?»

Библияда ал жаш болбогону, аныгыраак айтканда абдан кары адам болгону жазылат. Ал Кудайга ишенимдүү, Иерусалимде жашаган карыя болгон. Анын эңсеген каалоосу орундалышы үчүн ага бүтүндөй 40 жыл, мүмкүн андан да узак күтүүгө туура келген.

Кыз: «Ушунчалык узакпы? Анын эңсеген каалоосу эмне эле?»

Кудайдын убадаларынын бири кандай аткарыларын ал көргүсү келген. Ал төмөнкү убада болчу:

Бала: «Шымыйон, дүйнөнүн Куткаруучусун көрмөйүн өлбөйсүң».

Шымыйон көпкө күтсө да, үмүтүн үзгөн эмес. Кудайга таянууга болорун ал билген.

Бир жолу ал ийбадатканага келди. Так ошол маалда Мариям менен Жусуп да ымыркай Ыйсаны алып ийбадатканага келишкен. Шымыйон ымыркайды көрөрү менен убадаланган Куткаруучу ошол экенин биле койду! Шымыйон Ыйсаны көрдү, анын эңсеген каалоосу аткарылды. Бул аны дүйнөдөгү бүт белектерден артык бакытка бөлөдү!

Зор кубаныч менен Ымыркайды колуна алып, сыйынды.

Шымыйон: «Теңир, эми мен тынч узай берсем болот, анткени мага убада кылганыңды аткардың. Дүйнөнүн Куткаруучусун өз көзүм менен көрдүм!»

Эмесе Шымыйон тууралуу ыр угалы:

(музыка)

Иерусалим шаарында жашачу бир карыя.

Шымыйон эле ысымы, табынчу тирүү Кудайга.

Куткаруучуну көрсөм деп, көксөгөн эле көп жылдар

Акыры Кудай көрсөттү, аткарылды убада!

Азыр да Куткаруучуну
Кеч эмес кабыл алууга.
Сен дагы, досум, шашылгын,
Кайрылгын Теңир Ыйсага!

Бул жылдагы Ыйсанын төрөлүшү майрамында каалооңордун бардыгы аткарылабы, билбейм. Бирок бир нерсени билем: эгерде Ыйса жашооңорго киришин чындап кааласаңар, жогорудагы ырда айтылгандай, Куткаруучуну кабыл алсаңар, Ыйса силердин каалооңорду аткарат!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, Кудай, Шымыйон

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)