Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 074 (Beating the innocent 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

74. Ак жеринен сабалган 2


Жаңы мугалим мурдагылардан толук айырмаланып турду. Атургай жеткен мактанчаак Жим да анын ыкмаларына каяша айта албай калды. Мугалим сыйынгандан кийин, балдар дагы бир нерсеге таң калышты.

Мугалим: «Эгерде биз баарын туура кылгыбыз келсе, жаңы эрежелерди коюшубуз керек. Эрежелерди силер өзүңөр коюшуңарды каалайм».

Жимдин ого бетер оозу ачылды. Мурда эч качан мындай болгон эмес.

Окуучу кыз: «Көчүрбөш керек».

Мугалим: «Жакшы. Бирок эреже аны бузуу жазаланган учурда гана күчүнө кирет».

Жим: «Ким көчүрсө – ал үч сокку алат!»

Ооба, балдар. Ал учурда мугалимдер окуучуларды чыбык менен жазалашкан.

Мугалим доскага ушул жана башка эрежелерди жазды. Бир нече жума баары жакшы болду. Бирок бир жолу эртең менен мугалим класска кабагы суз кирди.

Мугалим: «Китебиңерди ачканга шашпай тургула. Менде жаман жаңылык бар. Кимдир бирөө эреже бузуп, Жимдин токочун уурдап алыптыр. Күнөөлүү мойнуна алганга даярбы?»

Баары орундарында катып калышты. Биринчи катардагы партада отурган Том күңкүлдөдү:

Том: «Мен… мен алдым. Мен… аябай ачка элем, анан алып алдым эле. Кечиргиле!»

Том абдан жакыр үй-бүлөдөн болчу. Көп учурда анын жегенге эч нерсеси жок болуп калчу. Аны жазалоону эч ким каалаган жок. Бирок мугалим эреже боюнча иш кылышы керек эле.

Мугалим: «Силер өзүңөр эреже койгонсуңар: күнөөлүү жазаланышы керек, антпесе эч ким эрежени аткарбайт. Том, алдыга чык. Уурулук үчүн жаза – 10 сокку».

Мугалим колуна чыбыкты алды.

Жим: «Токтоңуз! Ал менин токочумду алды. Мен аны кечирем».

Мугалим: «Жим, сен абдан ак көңүлсүң. Бирок жазаны жокко санаганга болбойт».

Жим: «Анда Томдун ордуна мени жазалаңыз. Ага тийбеңиз».

Мугалим: «Макул. Мындай кылсак болот. Эреже боюнча уурулук үчүн – он сокку. Бирок эрежеде сокку кимге урулары көрсөтүлбөйт».

Ошол күнү күнөөсүз күнөөлүүнүн жазасын алганына бүт класс күбө болушту, анан да аны ага каршы күнөө кылган окуучунун ордуна сабашты. Ошондон кийин Жим менен Том дос болуп калышты.

Мугалим окуучуларга Ыйса дүйнөдөгү ар бир адамдын жазасын кантип Өзүнө алгандыгын баяндап берди. Баары кунт коюп угушту.

Мугалим: «Азаптуу жума бизге Ыйса күнөөсүз болуп туруп, биздин ордубузга жазалангандыгын эстетип турат. Биз баарыбыз Кудайдын эрежелерин бузганбыз. Ыйса Өз ыктыяры менен Кудайдын жазасын – айкаш жыгачтагы өлүмдү мойнуна алды! Ким Ага ишенсе – ал эркиндикке жана түбөлүк өмүргө ээ болот. Пасах майрамы Ыйса тирилгендигин жана тирүү экендигин күбөлөндүрөт!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, мугалим, окуучу кыз, Жим, Том

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 05:37 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)