Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 048 (Small man – big cheat)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

48. Кичинекей киши – чоң калпычы


(элдин уу-дуу үнү)

Закай: «Өткөрүп койгулачы! Биртке жылып койгулачы!»

Киши: «Түртүшпөгүлөчү! Баары эле өткүсү келет».

Закай: «Эч нерсе көрүнбөй атат».

Киши: «Жаагыңды басып, жоголчу нары!»

Ал өтө албай койду. Аны баары таанышчу, эч ким аны жактырчу эмес. Ал жакшы үйдө жашачу, модадагы кийимдерди кийчү. Жапалдаш бойлуу, анан да абдан бай эле. Ал ак эмгеги менен байыбаганын баары билчү. Закай деген ысымы «күнөөсүз» деген маанини билдиргени менен, ал алдамчылыкка күнөөлөнчү.

Бул кодо киши Жериходогу салык жыйноо бөлүмүн башкарчу. Жерихого товар алып келгендин баары Закайга салык төлөшү керек эле. Бирок Закай таза иштечү эмес. Адамдардан керектүүдөн ашык алчу. Римдеги башкармалыгы буга көз жумуп койгондуктан, Закай каалаганын кылчу. Ошентип, «күнөөсүз» аталган бул адам «күнөөлүү» болуп калды.

Закайдын акчасы көп, бирок кубанычы жок болчу. Бир жолу Жериходо болуп көрбөгөндөй окуя болду: шаарга Ыйса келди!

Закай бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеди. Бирок кодо болгондуктан, адамдар аны тосуп, эч нерсе көрө албай атты. Ошондо ага сонун ой келди – бакка чыгыш керек! Ал ошондой кылды. Эми ага баары көрүнүп турду. Мына, Ыйса көрүндү! Ал түз эле Закайды көздөй келатты. Жакындагандан жакындай берди. Закайды аң-таң калтырып, Ыйса ал чыгып алган бактын жанына келип токтоду. Закайдын жүрөгү кабынан ыргып кете тургансып дүкүлдөдү. Ыйса башын көтөрүп, Закайдын көзүнө тике карады. Аны кантип таанып койду? Ыйса мындай деди:

Ыйса: «Закай, бактан түш! Бүгүн сенин үйүңө барам».

Закай ошол замат Ыйсанын айтканын аткарды. Бактан түшүп, кубанган бойдон Ыйсаны үйүнө ээрчитип жөнөдү. Бирок бул көптөргө жаккан жок.

Киши: «Эмне? Ыйса ошонун үйүнө барабы? Ал бул Закай деген неменин кандай наадан экенин билбейби?»

Албетте, Ыйса баарын билген, ошентсе да, Ал Закайды жакшы көрчү. Закай Ыйса менен таанышып, бүт күнөөсүн мойнуна алды.

Закай: «Ыйса Теңир, Сага убада берем: мүлкүмдүн жарымын жакырларга берем. Уурдаганымдын баарын төрт эселеп кайтарам!»

Иисус: «Закай, сен куткарылдың! Мен ошол үчүн, жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келдим!»

Ыйса сага да келет. Аны жашооңо чакырып, эмне санааң болсо, Ага айтып бер. Ал жашооңдогу бардык нерсени оңдойт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Закай, Ыйса, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:32 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)