Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 047 (Arsonist 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

47. От жагуучу 6


Жекшембиде кечинде Тифам короодо тоонун артына батып бараткан күндү карап отурду. Ал бир аз күн мурда Кудайдын баласы болуп калганына бактылуу. Атасы Орестил сыйкырчы Библиясын алып, айырып-айырып салган, бирок жүрөгүнөн Ыйса Теңирди алып сала алган жок. Тифам атасына ачууланган жок. Атасы короонун бир четинде отко жылынып отурган. Тифам баары бир атасын жакшы көрчү. «Кызык, – деп ойлоду ал, – акыркы жаңылыктарды атам билет болду бекен?»

Тифам: «Ата, билесизби, Виктор жекшемби сайын айылга насаат сөз айтканы келет».

Орестил: «Куру убара!»

Орестил ачууланган түр көрсөтүп, өзү эртең менен анын сөзүн угууга сыйынуу үйүнө барганын кызына билдиргиси келбеди. Анын сөздөрү оюнан кетпеди.

Виктор: «Ыйса менин жашоомду өзгөрттү. Мен кара күчтөрдөн коркчумун, аларга кызмат кылчумун. Кудайдын сүйүүсү тууралуу укканда, ишенип калдым. Азыр болсо Ыйса дайыма мени менен экенин билип кубанам. Мен эч качан жалгыз калбайм!»

Орестил кара күчтөр үчүн курган кичинекей үйгө барды.

Орестил: «Эй, кара күчтөр, күчүңөрдү көрсөткүлөчү! Асмандан от түшүп, бул сыйынуу үйүн өрттөп кетсин! Же менин жардамым керекпи?»

Түн ортосунда Орестил сыйынуу үйүнө келди. Колунда күйүп турган чычала бар эле. Ал күлүп, сыйынуу үйүнүн саман чатырына отту жакындатып келатты.

Кокустан кимдир бирөө сыйкырчына колдон катуу тартып жиберди эле, ал кулап калды.

Орестил: «Виктор, сен кайдан келе калдың?»

Виктор: «Ыйса сени менен сүйлөшүүгө жиберди. Ал сени сүйөт».

Орестил: «Кантип сүйөт? Мен кара күчтөргө кызмат кылгам, жалган айткам, сени өлтүрөйүн дегем, эми сыйынуу үйүн өрттөмөкмүн. Ал эле эмес, Тифамдын Библиясын айырып, майдалап салгам. Анан сен «Ал сени сүйөт» дейсиңби?»

Виктор: «Сенин ар бир күнөөң үчүн Ал айкаш жыгачта өлгөн. Ал сени кечирет!»

Орестил: «Мен кылганымдын баары үчүн өкүнөм. Жүрөгүмө тынчтык таап, Кудайдын баласы болгум келет».

Бул сыйкырчынын тамашасы эмес эле. Ал чындап эле сыйкырчылык кылгандагы куралдарынын баарын өрттөп, жаңы жашоо баштады. Анын жаркыраган жүзүн көрүп, баары кубанышты. Айрыкча Тифам аябай кубанды.

Гаитиде жеңгениндей, Ыйса биздин жашообузда да жеңет. Кудайдын баласы болгусу келип Ага келген ар бир адамды Ал кабыл алат. Анткени Библияда: «…Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди» (Жакан 1:12) – деп жазылган.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Тифам, Орестил, Виктор

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:15 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)