Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 046 (How to become a child of God 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

46. Кантип Кудайдын баласы болууга болот 5


Гаитиде шумдуктай кырсык болду. Бороондон кийин Тифам жашаган айылга килейген таштар кулады. Бирок Кудай аны сактап калды. Миссионердик ооруканада Тифам бат эле сакайды. Медайымдар Тифамды жакшы көрүп, анын айыкканына сүйүнүштү.

Медайым: «Тифам, сен жакшы болуп калбадыңбы. Окуганды, жазганды үйрөнгүң келеби?»

Тифам: «Ооба, келет! Бирок мен тиги китептен корком».

Медайым: «Библиядан коркпош керек. Анда Ыйса балдарды жакшы көрөрү жазылган».

Ошондон кийин Тифам миссионердик мектепке бара баштады. Дин тууралуу сабакта ал кулагын басып алчу, бирок кээде бир аз укчу. Мугалим көп кайталаган, "Кудайдын баласы" деген сөздүн маанисин ал түшүнчү эмес. Ушул сөз айтылганда ал тагынып жүргөн тумарын бекем кармап алчу эле. Бир кыз ага күлүп жиберди. Коркунуч басып, көзүнүн жашы куюлган Тифам класстан чуркап чыкты.

Медайым: «Тифам, эмне ыйлап атасың?»

Тифам: «Мен муну түшүнбөйм. Кантип Кудайдын баласы болууга болот?»

Медайым: «Библияда жазылган, эгерде адам Ыйсага ишенип, Теңири болушун суранса, ал адам Кудайдын баласы болуп калат».

Тифам: «Мен антсем атам мени жазалайт. Корком».

Медайым: «Атаң да бир күнү Кудайдын Уулуна ишенип калышы үчүн сыйынабыз».

Тифам болгон күчүн жыйнап, сыйынды.

Тифам: «Ыйса Теңир, мен Сага ишенем. Күнөөлөрүмдү кечир, менин жашоомо кир!»

Медайым: «Мына, сен эми Кудайдын кызысың! Мындан ары Ыйса дайыма сени менен».

Тифам (кубанып): «Мен – Кудайдын кызымын!»

Бир нече күндөн кийин атасы Тифамды алып кетүүгө келди. Кетердин алдында ага Библия белек кылышты. Атасы кызына шектүү карады, бирок үйгө жеткиче эч нерсе деген жок.

Орестил: «Жанагы Ыйсага сен да ишенесиңби?»

Тифам: «Ооба, ата, мен Кудайдын кызымын. Аны сиз да кабыл алыңыз. Библияда жазылган, Аны кабыл алсаң, Кудайдын баласы болосуң».

Тифам андан ары эч нерсе дей албады. Атасы Библияны колунан жулуп алып, майдалап тытып, шамалга чачып жиберди.

Андан ары эмне болду?

Бул тууралуу эмки берүүбүздө айтып беребиз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, медайым (миссионердик ооруканадагы), Тифам, Орестил

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:29 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)