Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 039 (Stoning and crowning)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

39. Таш бараңдагы өлүм жана даңк таажысы


Бешинчи класс таймашка даярданып, абдан жакшы машыгышты. Ар бири болгон күчү менен аракет кылды. Таймаштын акырында бакыттан жүздөрү нурданган жеңүүчүлөргө белектерди тапшырышты.

Сапарбек марага биринчи келди. Эми элестетип көргүлө, ал катуу чуркап баратып эле, жолдун аягына келгенде четке чыгып, эс алып отуруп алганын. Бул акылга сыйбайт. Ким жакшы баштаса, акырына чейин жакшы чуркашы керек.

Бул Ыйсага ишенгендерге да тиешелүү. Ыйса менен жашоону баштоо эле эмес, Анын жолу менен акырына чейин баруу да маанилүү. Баары биз жолубузду кандай басып өтөрүбүзгө жараша болот. Ыйса бизге Степанга жардам бергендей жардам берет. Ыйсага ишениминен көптөр аны айныткылары келген. Библияда адамдар ага келип, талашып-тартышышты деп жазылган. Бирок Степан алар менен талашка түшкөн жок. Бул баарын ачуулантты. Степан Кудайга ишенген, жакырларга жардам берген адам болсо да, ал тууралуу жалган маалыматтарды таратышты. Степан сотко келүүсү керек болду.

Айыптоочу: «Степан Кудайга акарат келтирип, Мыйзамга каршы окутту».

Сот: «Бул чынбы?»

Баары Степанды карашты. Анын жүзү периштенин жүзүндөй нурданып турду. Коргонуунун ордуна аларга Ыйса тууралуу айта баштады.

Степан: «Кудайдын Уулу жерге келди. Силер аны айкаш жыгачка керип салдыңар, бирок Кудай Аны тирилтти».

Сотто да Степан Ыйса Теңирге ишенимдүү бойдон калды. Андан кийин ал асманга карап мындай деди:

Степан: «Мен ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрүп турам».

Муну укканда, жаалданган топ эл аны көздөй жулунушту. Аны уруп, шаардын сыртына алып чыгышты да, таш бараңга алышты.

Степан Ыйсага акырына чейин ишенимдүү болду. Аны таш бараңга алып өлтүрүштү. Өлүм алдында ал сыйынды.

Степан: «Ыйса Теңир, мен Сага, асманга баратам. Булардын күнөөсүн кечир!»

Максатка жетүү жолу оңой болгон жок. Бирок Степан ишенимдүү болду. Ошол үчүн Ыйса ага даңк таажысын берди. Дайыма Ыйсага ишеним артып, Ага ишенимдүү болуш керек, кыйынчылыктар, жек көрүү, ачуу – аягы эмес да. Эң жакшысы алдыда!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, айыптоочу, сот, Степан

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:27 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)