Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 031 (Alarm on the farm)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

31. Фермадагы окуя


Саламатсыңарбы балдар! Бүгүн силерди Том деген бала менен тааныштырам. Ал Түштүк Америкада фермада жашайт. Бир жолу анын туулган күнүндө кадимки жөжө белек кылышты. Аны Том өзү бакты. Жөжө чоңоюп, тоок болду. Сары үлпүлдөк жүндөрү апакай канаттарга айланды, ошондон улам Том аны Ак жуумал айым деп атады. Ал тоогуна сарайдын ичине уя жасап берген, Ак жуумал айым ар тууган сайын какылыктап, жумуртка берип турду.

(тооктун какылыктаганы)

Айдоодо дан өсүмдүктөрү өсүп, сабактары улам бийиктей берди. Ак жуумал айым эмнегедир жумуртка туубай калды.

Том: «Апа, Ак жуумал айымга эмне болгон? Жумуртка туубай калды го, дайыма эле айдоодогу эгиндин арасына жоголуп кетип атат».

Апасы: «Том, күтө тур бир аз».

Апасы жылмайып туруп, ушинтип айтты. Эмне үчүн экенин Том бир нече жумадан кийин түшүндү.

Том: «Апа! Апа, караңызчы!»

Айдоодон Ак жуумал айым келатты. Анын артында бир үйүр жөжө ээрчип келатты. Томдун кубанычында чек жок эле.

(сиренанын үнү)

Бир күнү айдоо жактан өрт өчүргүчтөрдүн сиренасынын үнү жаңырды. Эгин өрттөнүп, өрт фермага жеткени эле калыптыр.

Том: «Ак жуумал айым кайда? Ал эмне…»

Том мындай мүшкүл тууралуу, атургай ойлогусу да келген жок. Күйгөн айдоодо тоогун издеп жүрдү. Капыстан бут алдынан көмүрдөй капкара болуп, куйкаланып калган тоокту көрдү. Ала койсо, алдында коркконунан чыйпылдап үймөлөктөшкөн жөжөлөр. Алар эч нерсе болбоптур.

Том: «Ушундай болушу мүмкүнбү?»

Апасы: «Жаныбарлар коркунуч жакындап келатканын сезишет. Өрт жакындаганда жөжөлөр апасынын канатына корголошкон. Тоок учуп кетет эле, а жөжөлөр уча алмак эмес. Ак жуумал айым балдарын абдан жакшы көрчү, ошондуктан канаттарына калкалап, аларды куткарып калуу үчүн, өзү күйүп кетти. Жөжөлөрү аман калышы үчүн, ал өзүн курмандык кылды».

Атасы: «Бул Ыйсанын сүйүүсүнө окшош. Том, дайыма эсиңде болсун, Ыйса биз үчүн, биз түбөлүк жашашыбыз үчүн Өз ыктыяры менен жанын берген».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Том, апасы, атасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:02 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)