Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 013 (Gifts for Jesus)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

13. Ыйсага белектер


Актан чоң атасы жыгачтан Ыйсанын туулган күнүндөгү каармандардын сөлөкөттөрүн жасап жатканын карап отурган. Алар так өзүлөрүндөй эле – койчулар, Жусуп жана Мариям, ымыркай Ыйса. Акырындан Актанды уйку басып, бир аздан соң, уктап калды.

Түшүндө ал Бейт-Лехемдеги малканада жүрүптүр. «Охо! – деди ал, – мен акырга жакын бара алам».

Акырга жакын келди да, капыстан көңүлү чөктү. Ошондо Ыйса аны менен сүйлөшө баштады.

Ыйса: «Эмнеге капа болдуң, Актан?»

Актан: «Анткени мен Сага белек алып келген жокмун».

Ыйса: «Кайгырба. Менин сага үч гана өтүнүчүм бар».

Актан: «Мен Сага эмнем болсо, ошонун баарын берем. Темир жол, компьютердик оюндар жана…»

Ыйса: «Жок, Мен буларды сурабайм. Мен асмандан жерге ал үчүн келген эмесмин».

Актан: «Сен эмне сурайсың?»

Ыйса: «Мага математика сабагы боюнча акыркы экзамениңди берчи».

Актан: «Математика боюнча мен канааттандырарлык эмес баа алгам да!»

Ыйса: «Ошондуктан сурап жатам. Дайыма Мага жашооңдогу канааттандырбаган нерселерди алып кел. Макулбу?»

Актан: «Макул».

Ыйса: «Мен сенден сурай турган экинчи белек – бул сенин чының».

Актан: «Аны Сага бере албайм, анткени сындырып алгам».

Ыйса: «Ошондуктан сурап атам. Дайыма Мага жашооңдогу сынган нерсени алып кел. Макулбу?»

Актан: «Макул».

Ыйса: «Эми үчүнчү өтүнүчүм. Актан, апаң чыныңды ким сындырды деп сураганда берген жообуңду Мага бер».

Актан ыйлап жиберди. Ичи туз куйгандай ачышты.

Актан: «Мен… мен алдап койгон болчумун».

Ыйса: «Актан, бүт калпыңды, тил албастыкты жана жашооңдогу бардык жамандыкты, дайыма Мага алып келсең болот. Мен сени кечирем жана туура жашаганга жардам берем. Мен дайыма сени мененмин, жашооңдо дайыма жол көрсөтүп турам. Каалайсыңбы?»

Ооба, Актан ушуну аябай каалаган! Ошол күндөн тартып ал Ыйсага ишенип, Ага баш ийип калды.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Актан, Ыйсанын үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:28 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)