STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 137 (The destination indicator 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

137. Жол көрсөткүч 5


Кыз: «Жашоо мектеби, 5-бөлүк, жол көрсөткүч».

(Жол кыймылынын уу-дуусу)

Айжан: «Эми каякка?»

Кымбат: «Иий, эси жоктун иши! Инструкцияны үйгө калтырып коюптурмун».

Айжан (жемелегенсип): «Жараптырсың ишке! Эми эмне кылабыз?»

Кымбат: «Тигине көрсөткүч белги».

Кыздар бара турган жерине жетиштиби? Жол көрсөткүч белгилер бар болгону кандай жакшы. Кадимки жолдо эле эмес, жашоо жолунда да. Балдар, а силер Кудайдын биз үчүн көрсөткүчтөрү бар экенин билчү белеңер?

Бала: «Алар кандай көрүнөт?»

Алардын колу-буту, кулагы жана оозу бар. Филип ушундай көрсөткүч болгон. Ал Кудайга бара турган жалгыз жолду билген жана аны жакшы түшүндүрүп бере алган. Филип көптөрдү Ыйсанын жолуна алып келген.

Периште: «Филип, түштүккө, Иерусалимден Азаны карай кеткен жолго бар».

Филип Кудайга керек болду. Силер да Кудайга керексиңер. Кудайга жолду билген адамдар керек. Жол көрсөткүч болуп Ыйсага кызмат кылгыңар келеби?

Филиптен көп нерсени үйрөнсө болот. Ал баргым келбейт деп айтпады. Ал дароо Кудайга баш ийди. Чаң баскан жолдо Филип көпкө жалгыз турган жок. Жолдон азем араба көрүндү. Анда Эфиопия ханышасынын каржы министри келаткан эле. Табынганы Иерусалимге келүү үчүн, ал 200 километр жол басып өткөн. Ийбадатканадан ал түрмөк кагаз түрүндөгү кымбат Библияны сатып алган. Аны кайра келаткан жолунда үнүн чыгарып окуп келаткан.

Филип арабага жакын келди.

Филип: «Окуганыңды түшүнүп атасыңбы?»

Эфиопиялык: «Жок. Түшүндүрүп бере турган эч ким жок. Жаныма отуруп, бул жерде эмне тууралуу айтылганын түшүндүрүп берчи».

Филип: «Сен Ыйса тууралуу окуп жатасың. Ыйса – Кудайга алып бара турган жалгыз жол. Ага ишен, ошондо Ал сени бул өмүрдүн аяккы максатына жана түбөлүк өмүргө алып келет».

Эфиопиялык: «Мен Ыйса Кудайдын Уулу экенине ишенем».

Филип Ыйсаны көрсөтүп турган жол белги сыяктуу эле. Каржы министрине ал жогорудан берилген көрсөтмөнү түшүндүрүп берди.

Эфиопиялыктын жүрөгү чындык жолун тапты, ал үйүнө кубаныч менен кайтты. Ал тууралуу бизге белгилүү нерсе ушул гана.

Балдар, силер Кудайга алып бара турган жалгыз жолду билесиңер деп үмүттөнөм. Силер да үйдө, мектепте, досторуңардын арасында жол көрсөткүч болуп Ыйсага кызмат кыласыңар деп ойлойм. Мүмкүн, бир убакта Ыйсанын жол көрсөтүүчүлөрү зарыл болгон өз өлкөңөрдө кызмат кыларсыңар. Балким Африкада же дагы башка өлкөлөрдө кызмат кыларсыңар. Анткени миллиондогон адамдар жолду билишпейт, аларга жол көрсөткүч керек. Алар Ыйсанын жалгыз жол экенин угуша элек.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз (Айжан) Кымбат, периште, Филип, эфиопиялык

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)