STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 126 (So close – and yet so far)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

126. Абдан жакын, бирок дал өзү эмес


Жигит: «Мага жашоомдо бир нерсе жетишпейт. Эмне экенин билбейм. Бирок ал мага чындап эле керек. Жашоодогу эң маанилүү ошол нерсеге канткенде ээ боло алам?»

Бай жигиттин жашоосунда бир нерсе жетишчү эмес. Бирок муну эч ким деле байкачу эмес. Ал ишинде ийгиликтерге жетишкен, келбеттүү жана абдан бай жигит эле.

Ошентсе да, ага бир нерсе жетишчү эмес. Ал муну сезчү. Балким силер да жашооңордогу ушул өксүктү сезип жүргөндүрсүңөр? Ал тынч ала алган эмес. Жашоодогу эң маанилүү нерсеге канткенде жетүүгө болот? Ыйса бул суроонун жообун билсе керек.

Жигит: «Жакшы устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, эмне кылышым керек?»

Мына ага жетишпей жаткан нерсе! Бул жер үстүндө Ыйсага ишенүүдөн башталып, өлүмдөн кийин асманда улана турган түбөлүк өмүр. Жаш жигитке мына ушул керек болчу.

Ыйса: «Түбөлүк өмүргө ээ болгуң келсе, осуяттарды сакта: уурдаба, бузуктук кылба, алдаба, өлтүрбө, ата-энеңди сыйла».

Жигит: «Бул осуяттарды өмүр бою сактап келатам».

Балдар, а силер ушундай жооп бере алат белеңер?

Ыйса: «Анда колуңда болгондун бардыгын сат да, жардыларга таратып бер. Андан кийин Менин артымдан жүр!»

Бул сөздөр жаш жигиттин оюн онго бөлдү, анткени ал абдан бай эле. Көңүлү чөккөн ал кетип калды. Көрсө ал үчүн Ыйсадан да, түбөлүк өмүрдөн да акча маанилүү экен.

Кыз: «Бай болуп деле Ыйсанын артынан ээрчисе болбойбу?»

Албетте, болот. Кеп адам үчүн эмне маанилүү экенинде. Келгиле, тажрыйба жасап көрөбүз.

Кыз: «Шамды эмне кылабыз?»

Шам Ыйсаны чагылдырып турат. Анткени Ыйса дүйнөнүн жарыгы да.

Бала: «Мен күйгүзөйүнбү?» (Ширеңкенин күйгөнү угулат)

Кыз: «Күйүп атканы кандай сонун көрүнөт!»

Шамдын алдына жүз долларлык купюра кармап алсам, эмне болот эле?»

Кыз: «Акча жарыкты тосуп калмак».

Бала: «Түшүнүктүү! Бай жигит үчүн эң маанилүү нерсе акча, андан кийин анан Ыйса болгон».

Кыз: «Аны акча Ыйсадан тосуп калыптыр да».

Баары башкача болуп бүтүшү мүмкүн эле. Азыр мен акчаны шамдын артына кармайын.

Бала: «Эми Ыйсаны эч нерсе тоскон жок, акчага да жарык түшүп турат».

Көрдүңөрбү балдар, баары өз-өз ордунда болушу кандай маанилүү? Бай жигиттин жашоосунда биринчи орунда акча болгон. Ошондуктан, биз билгенден, ал өзүн түбөлүк өмүрдөн айырды.

Анын баяны ушундай кайгылуу бүткөнү өкүнүчтүү!

Силердин Ыйса менен болгон жашооңор бактылуу аяктайт деп үмүттөнөм. Жашооңордо эч нерсе Ыйсанын ордун ээлеп, биринчи орунга туруп калган жокпу, өзүңөрдөн сурап коюп жүргүлө.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыйса, кыз, бала

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 04:04 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)