STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 041 (The Chief and Jesus)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

41. Башчы жана Ыйса


Миссионер өтө көп мээнет менен өзүнө жунгли аркылуу жол салды. Асманда күн жаркырап нурун төгүп турган. Акыры индейлердин айылына да келип калды. Ал жерде аны уруунун жол башчысы кубана тосуп алды. Бул индейлерге Ыйса тууралуу айтып берүү үчүн бир дагы ак адам келген эмес. Миссионер кубана айтып бере баштады.

Миссионер: «Асманга кантип жетсе болорун айтуу үчүн, мени силерге Кудай жиберди».

Бул сөздөргө жол башчы абдан кубанды. Ал бир жакка кетип, тез эле кайра келди.

Жол башчы: «Жол башчы балтасын Кудайга берет!»

Андан кийин ал андан ары миссионердин сөзүн угуп отурду.

Миссионер: «Кудай силерди сүйөт жана Ага келишиңерди каалайт. Бирок Кудай ыйык, ошондуктан күнөөңөр жолуңарды Кудайдан тосуп турат. Күнөөкөрлөр асманга кире албайт».

Бул сөздөр индейлерди капа кылды. Бул чындык экенин алар билишкен. Алар уурдашчу, алдашчу, киши өлтүрүшчү. Бул иштери үчүн уялышты.

Миссионер: «Кайгырбагыла! Кудай силерди сүйөт. Ал силердин бардык күнөөңөрдү кечиргиси келет».

Муну укканда сүйүнгөн жол башчы турду да, чыгып кетти. Бир мүнөттөн кийин эле кооз килем көтөрүп кайра келди.

Жол башчы: «Жол башчы Кудай аны сүйгөндүгү үчүн бактылуу, ошондуктан Кудайга килемин тартуулайт!»

Миссионер: «Бардык адамдардын күнөөлөрүнүн кунун төлөсүн деп, Кудай дүйнөгө Өз Уулун жиберген».

Кудай ушунчалык көп нерсе кылыптыр! Жол башчы барды да, эң кымбат нерсесин алып келди.

Жол башчы: «Жол башчы Кудайга атын берет. Эми менде эч нерсе калбады, Кудайга башка эч нерсе бере албайм».

Чын эле эч нерсе калган жокпу? Миссионер сөзүн улантты.

Миссионер: «Ыйса, Кудайдын Уулу, Өз ыктыяры менен силердин күнөөңөр үчүн айкаш жыгачта өлдү. Ал силерди сүйөт. Ага ишенгиле, Ал силердин күнөөңөрдү кечирет, ошондо силер асманга барасыңар».

Жол башчынын жүзү жаркырай түштү.

Жол башчы: «Аа, Кудайга дагы эмне бере аларымды билем! Ага жүрөгүмдү берем жана Ал мен үчүн өлгөнүнө ишенем».

Дагы көптөгөн индеецтер ага кошулуп, үйлөрүнө бактылуу болуп кайтышты.

Ушундай бакытка ээ болгуң келеби? Анда жол башчыдай болуп, сен да Ыйса Теңирге ишен.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, миссионер, жол башчы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:33 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)