Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 152 (Pass it on 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

152. Бул тууралуу башкаларга да жеткириш керек 2


Оорудан жана ачкалыктан шайы кеткен пес оорулуулар душман жайгашкан жерге киришкенде абал алар ойлогондон такыр башкача болуп чыкты.

1-пес оорулуу: «Көргөн көзүмө ишенбей турам! Мындай болушу мүмкүн эмес!»

2-пес оорулуу: «Бирок бул чындык! Душмандын талаасы бош. Алар кетишиптир».

1-пес оорулуу: «Мүмкүн бул буктурмадыр?»

Бирок бул буктурма эмес эле. Самария шаарын ушунчалык узак убакыт курчап турган, израилдиктерди ачкачылык менен кырууга аракет кылган сириялыктар эч жерде көрүнбөйт.

Аларды ким кууп чыгарды экен? Бул сырды бизге Библия ачып берет: тирүү Кудай аларга эбегейсиз көп аскерлердин үнүн угузду. Израиль аларга каршы башка аскерлер менен бириккен экен деп дүрбөлөңгө түшкөн алар артын карабай качып жөнөшкөн.

Кудай бул кереметти күн батып бараткан маалда, төрт пес оорулуу душмандын колуна түшүп берүүнү ойлогон кезде жасады.

Алар өлөбүз деп ойлошкон эле, бирок аман калышты!

1-пес оорулуу: «Тамак-ашты мына көрүп ал! Мен дале ишене албай атам…»

2-пес оорулуу: «Кандай гана байлык! Карагылачы! Кийим, алтын, күмүш!»

Алар тойгончо ичип-жеп, түш көрүп атышкандай болуп, станды аралап жүрүштү.

1-пес оорулуу: «Биз туура эмес кылып атабыз. Өзүбүздү эле ойлогонубуз болбойт. Биз шаар тургундарына айтышыбыз керек. Биз унчукпай койсок, алар ачкадан өлүшөт. Алардын өлүмүнө биз күнөөлүү болобуз».

Падыша башында бул жаңылык душмандын амалдуу кылтагы деп ойлоду. Бирок тургундар шаардын сыртына чыгып, сириялыктардын калтырып кеткен станын аралап, талап-тоной башташты.

Кечээ Кудайдын сөзүн мыскылдап аткан төрө көз жумду. Аны дарбазанын алдында жабалактаган эл тебелеп салды.

Баары Кудай айткандай болду.

Кимдир бирөө жакшы жаңылык айтып келди, ага ишенгендин баары аман калышты. Ал адам унчукпай койбогону жакшы болду.

Ыйсанын сөздөрү эсиме түштү: Мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар.

Ал адамдардын жашашын каалайт. Жөн эле тирүү калышын эмес, түбөлүк жашашын каалайт!

Ошентсе да, көптөр бул тууралуу билишпейт. Ошондуктан мен Ыйса тууралуу жакшы кабарды башкаларга да айтып жеткиргим келет. Силерчи балдар, силер да каалайсыңарбы?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, 1-пес оорулуу, 2-пес оорулуу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:54 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)