Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 093 (The Kurku-promise 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

93. Корку тилиндеги убада 5


Айылга кайткан Рингунун кубанычында чек жок.

Рингу: «Жолборс өлдү! Жолборс өлдү! Биз аны өлтүрдүк!»

Батту агасы менен сыймыктанып атты.

Батту: «Сен азаматсың! Жолборско аңчылык кылган коркунучтуу болдубу?»

Рингу: «Болгондо да кандай! Бирок мен сыйындым, ошондо көңүлүм тынчтана түштү».

(мотордун үнү)

Рингу: «Бул Сахиб Грабб болуш керек, баягы мага Ыйса жөнүндө айтып берген ак терилүү чет өлкөлүкчү».

Батту: «Жүрү, чуркадык аны көздөй!»

Бир туугандар чуркап жөнөштү. Бурчтан бурулуп, чет өлкөлүктүн машинасы ылайга тыгылып калганын көрүштү. Рингу өгүздөрүн кошуп, машинаны сүйрөтүп чыкты.

Сахиб Грабб: «Мына, эми баары жайында. Рингу, жардамыңа чоң рахмат. Бүгүн сени менен коштошом. Биз эми көпкө чейин көрүшпөйбүз го. Эсиңден чыгарба, Ыйса Теңир дайым сенин жаныңда. Ага ишенимдүү болуп, дайыма Ага жарагыдай иш кылганга аракет кыл. Күнөө сени кубандырбайт. Мен берген Кудайдын каты барбы сенде?»

Рингу: «Ооба, мен аны бул жерде, баш кийимимде сактап жүрөм».

Сахиб Грабб: «Эң негизгиси Кудай Сөзүн жүрөктө сактоо. Анын Сөзүнө таянып жаша. Ии, баса, менин органчам жоголуп кетти».

Рингу кызарып кетти. Ал аны уурдап алып, эски сарайга катып койбоду беле. Сахиб кантип эле билбесин бул жөнүндө?

Сахиб Грабб: «Азыр аны издегенге убактым жок. Аны мага табышчы, сураныч. Эгерде таап калсаң, шаарда жашаган Мерри айымга алып келип берип коёсуңбу? Ал мага берип жиберет, мен кайда насаат айтып жүргөнүмдү ал дайыма билет».

Рингу акырын колун кайчылаштырды да, кулактарына жеткирип, кармап тартып койду. Индиялыктар ушундай кылуу менен убада беришет. Бул убада – корку тилиндеги убада.

Рингу үйүнө көңүлү суз кайтты.

Рингу: «Эмнеге уурдап алганымды мойнума алган жокмун? Мен коркокмун. Ыйса Теңир, Сен дагы эле мени угуп жатасыңбы? Мен уурулук кылдым. Өкүнөм. Күнөөмдү кечир. Кандай кылсам туура болот, мага жардам берчи?»

Мындай учурда кандай кылган туура болот? Уурдалган буюмду ээсине кайтарып бериш керек экенин Рингу жакшы түшүндү. Бирок муну кылуу оңой эмес эле. Эл эмне деп ойлойт? Жүрөгүнөн бир үн акырын мындай деди: органчаны Сахибге кайтарып бер. Ошондо баары жайына келет.

Балдар, акырын чыккан мындай үндү силер да угасыңарбы? Эгерде бир нерсе уурдап алсаңар, абалды кантип оңдош керек экенин билесиңерби? Бул суроого жоопту эмки берүүбүздө ала аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рингу, Батту, Сахиб Грабб

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:56 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)