Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 022 (Chariot of fire to heaven 7)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

22. От араба менен асманга 7


Эсиңердеби, мен жакында Илиясты аябай катуу издешкени тууралуу айткам. Анын жок болуп кетиши табышмак бойдон калган.

Айтып берүүчү: Элиша, сен Илиястын эң жакын досу элең. Ал кайда экенин билесиңби?

Элиша: «Ооба, мен билем».

Айтып берүүчү: Сен кубанып атасың го. Мен аябай билгим келет.

Элиша: «Илияс кетээрдин алдында чапанын чечкени абдан даана эсимде калган. Мен да аны менен кетейин дегем. Менин барышымды ал каалаган жок, бирок мен аны болбой ээрчип алдым. Жолдон пайгамбарларга жолуктук, алар мындай деп сурашты: "Илияс бүгүн акыркы жолу биз менен экенин билесиңерби?"»

Айтып берүүчү: Муну укканда капа болдуңбу?

Элиша: «Мен бул тууралуу билгем, аларга унчукпагыла дедим. Биз андан ары чыгышка жөнөдүк. Иорданга жеттик. Ал жерде көпүрө жок экен. Илияс чапанын алып, бүктөдү да, сууну бир чапты. Анан элестетсеңер, дарыядагы суу тартылып, кургак түбү менен наркы жээкке өттүк».

Айтып берүүчү: Чын элеби?

Элиша: «Ооба, мен өзүм ошол жерде болдум! Кудайдын адамдар аркылуу жасаган кереметтерине, күчүнө, улуулугуна таң берем!
Жолдо баратып биз Кудай тууралуу сүйлөштүк. Капыстан акылга сыйбас нерсе болду. Асманда оттуу аттар менен оттуу араба көрүндү. Менин үрөйүм учту. Араба жакындап келди да, Илиясты илип кетти. Ал Кудайдын асмандагы көрүнбөгөн падышалыгына алынды. Мен аны чакырдым, бирок ал бир аздан соң көрүнбөй калды, ошондон бери мен аны такыр көргөн жокмун. Кудай Илиясты ушундай шаң менен асманга алып кетти».

Айтып берүүчү: Мына ошондуктан аны эч ким таба албай койгон тура. Рахмат Элиша сага, суроолорубузга жооп бергениң үчүн. Эми табышмактын жандырмагы табылды.

Адатта биздин жердеги өмүрүбүз өлүм менен аяктайт. Бирок биз үчүн өмүрүбүз кантип, качан аяктаары эмес, аяктагандан кийин каякка бараарыбыз маанилүү.

Илияс түбөлүк Кудай менен жашайт, анткени жердеги жашоосунда ал Кудай менен жашады. «Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо, ал өмүргө ээ эмес» (1 Жакан 5:12).

Кийинки уктурууда мен силерге Бектен кантип Кудай менен жашай баштаганын айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Элиша

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:32 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)