STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 095 (I can’t see him)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

95. Мен аны көрбөйм


Бүгүн мен Айдана деген кыздан кат алдым. Кызык, ал эмнелерди жазды экен?

(Конвертти айырып, катты алып чыкканынын үнү)

Айдана: «Саламатсыздарбы! Мен силердин берүүңөрдү укканды аябай жакшы көрөм. Мага музыка, обондуу ырлар, ырлар жагат. 10 жаштамын, Библиядагы окуялар абдан жагат. Кудай мени сүйгөндүгү үчүн аябай кубанам. Менин сүйүктүү темам – бул ишеним темасы. Жакшы калыңыздар деп – Айдана».

Айдана, сага чоң рахмат. Сага биздеги музыка, ырлар жакса, анда сен үчүн сонун музыка коюп, ыр окуп беребиз…

Балдар, келгиле баарыбыз угалы!

(музыка) Айтып берүүчү бийик үн менен окуйт:
Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин,
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!
Кээ бирөөлөр ишенбесе, уксун айтып беремин,
Билбесе да, сезбесе, Кудай анын жанында.

Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин,
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!
Көр дүйнөдө көп учурда Аны көрбөй калабыз,
Ишенебиз деген менен ишенимсиз жашайбыз.

Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин,
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!
Ишенимдүү болсок эгер, Аны менен бир басып,
Күндөй тиймек жарыгыбыз жараланган жандарга.

Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин,
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!
Тоолор суулар, асман, деңиз, бүт ааламды карачы!
Даңктап турат Жаратканды кудуретин жар сала!

Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин,
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!
Азап-кайгы, коркунучтан сактап келет калкалап,
Ишенимдүү Кайтаруучум, дайым менин жанымда.

Жүзүн көрбөйм, үнүн укпайм, бирок даана билемин
Ал бул жерде, Ыйса менен жакын бизге дайыма!

Балдар, кубангыла! Теңир бул жерде. Ал дайыма ар бириңердин жаныңарда. Ыйса мындай деген: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом!» (Матай жазган Жакшы Кабар 28:20)


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Айдана

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:05 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)