STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 096 (My parents are separated)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

96. Ата-энем ажырашууда


Кыз: «Аябай сонун оюн экен!»

Бала: «Суроо-жооп таймашында биз уттук!»

Кыз: «Мактанчаак!»

Жаштар чогулушу аяктап, балдар үйлөрүнө тарай башташты. Баары бактылуу эле, Жибектен башкасынын баары.

Айтып берүүчү: «Жибек, эмне болду сага? Бүгүн кабагың бүркөө. Кыйынчылыктар барбы?»

Жибек: «Биздин жашообуз жашоо деле эмес! Атам үйгө келбей калды. Ал сиңдим экөөбүздү таштап салды. Апам айтат, анын бир аял досу бар экен, аны бизден да жакшы көрөт экен!»

Айтып берүүчү: «Аябай жаман болуп аткан турбайсыңбы. Ата-эне ажырашканда кандай оор болорун билем».

Жибек: «Атам кеткенден бери үйдө такыр көңүлсүз!»

Айтып берүүчү: «Сен өзүңдү эч кимге кереги жоктой сезип атсаң керек, ээ?»

Жибек: «Мен ал аялды жек көрөм! Ал биздин атабызды тартып алды. Мүмкүн ал кайрылып келеттир? Ыйса баарын тууралап кое алабы?»

Айтып берүүчү: «Мен бекем ишенем, тууралай алат, Жибек. Ыйса ар бир үй-бүлөнүн бактылуу болушун каалайт. Ал үй-бүлөлөрдүн ажырашышын каалабайт. Бирок бир көйгөй бар».

Жибек: «Кандай көйгөй?»

Айтып берүүчү: «Көйгөй Ыйсада эмес, адамдардын өздөрүндө. Алар Ыйса каалаганды кылгылары келбейт. Адамдар башка жолду тандашат – алар ажырашууну ойлошот. Мындайда баарынан да балдарга кыйын болот. Ажырашуу алардын жүрөгүн катуу жаралайт».

Жибек: «Атам келип, баары мурдагыдай болсо кандай сонун болот эле!»

Айтып берүүчү: «Мен сен үчүн сыйынам. Мен билем, Ыйса да ошону каалайт. Бирок андай болбой калса да, Жибек, Ыйса бардык жарааттарды айыктыра алат. Кээде көпкө созулат. Жарааттар көпкө чейин айыкпайт.

Жибек: «Атамды ойлогон сайын, көз жашымды тыя албайм».

Айтып берүүчү: «Түшүнөм. Уксаң, Ыйса бизге сооронуу сөздөрүн берген. Мобу баракчада Библиядан алынган аят жазылган. Окусаң!»

Жибек: «Атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат».

Айтып берүүчү: «Элдер бизди капа кылышат, таштап кетишет, сызга отургузуп кетишет. Ыйса эч качан андай кылбайт. Ага ыйласаң да болот, жүрөгүңдү төгүп берсең да болот. Ал дайыма жаныңда. Бул жөнүндө эсиңе салып турсун, баракчаны сага белек кылайын».

Жибек: «Рахмат. Сиз менен сүйлөшкөнгө дагы келсем болобу?»

Айтып берүүчү: «Албетте, Жибек. Сен үчүн дайыма убакыт табам».

Жибек: «Мен кетейин, убакыт болуп калды. Жакшы калыңыз».

Айтып берүүчү: «Жакшы бар, жакында көрүшөбүз. Кааласаң кат жазып тур!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жибек, бала, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:28 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)