STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 084 (The mysterious dream 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

84. Сырдуу түш 2


Падыша Небахаданасардын уйкусу качты. Тынчы кетип, төшөгүндө нары бир оодарылат, бери бир оодарылат. Акыры бир кызматчысын чакырды. (коңгуроо кагылат)

Кызматчы: «Оо, падышам! Түбөлүк жашаңыз! Мен кызматыңызга даярмын!»

Падыша: «Дароо менин бардык кеңешчилеримди, төлгөчүлөрдү чакыр!»

(көпчүлүктүн уу-дуусу, кадамдарынын үнү угулуп, анан тынчып калат)

Падыша: «Тынчымды кетирген жаман түш көрдүм. Мага анын маанисин айтып бергиле».

Төлгөчүлөр: «Улуу урматтуу падыша, түшүңүздү айтып берсеңиз, биз жоруп беребиз».

Падыша: «Э, жок! Кандай түш көргөнүмдү силер мага айтып беришиңер керек. Мен силерге буйрук кылам! Түшүмдү айтып, маанисин чечмелеп берсеңер, силерге сыйлык берем. Айта албасаңар, анда өлүмгө өкүм кылам!»

Төлгөчүлөр: «Улуу урматтуу падыша, кулдарыңызга түшүңүздү айтып берсеңиз, анан биз чечмелейт элек».

Падыша: «Мунун баары болбогон бош сөз. Ушуну менен убакытты уткуңар келип атат».

Төлгөчүлөр: «Биз түш чечмелей алабыз, бирок улуу урматтуум, түшүңүзгө эмне киргенин айтып бере ала турган жер жүзүндө бир да адам жок. Бул мүмкүн эмес!»

Падыша ачууланып: «Баарыңарды өлүмгө өкүм кылам!»

Бул окуя достору менен Даниелди да селт эттирди. Бирок Даниел корккон жок. Каардуу өкүмдү угуп, ал досторуна барды.

Даниел: «Биз сыйынышыбыз керек. Кудайыбыз баарын билет. Ал бизге падышанын сырдуу түшү жөнүндө айтып бере алат».

Аларга жалгыз гана Кудай жардам бере алмак, Ал жардам берди. Кудай Даниелдин түшүндө падышанын түшүн көрсөттү.

Даниел: «Сен керемет Кудайсың. Сага ыраазыбыз! Сен баарын билесиң, Сен сыйынуубузга жооп бересиң».

Даниел падышага киргизүүнү суранды.

Падыша: «Сен чын эле менин түшүмдү айтып бере аласыңбы?»

Даниел: «Падышанын бул буйругун аткаруу эч бир адамдын колунан келбейт эле, бирок тирүү Кудай бардык сырларды ача алат. Ал сага алдыда эмне болорун кабарлады. Падыша түшүндө чоң, коркунучтуу буркан көрдү. Башы таза алтындан эле. Бул сенин падышалыгың эң улуу жана эң кубаттуу экенин билдирет. Сенден кийин башка падышалыктар келет, улам кийинкиси кичирейип отурат. Акырында падышалык бөлүнөт, ошондо Кудай түбөлүк боло турган Өзүнүн Падышалыгын орнотот. Бул алдыда эмне болорунан кабар берген түш!»

Падыша: «Сенин Кудайың – Падышалардын Падышасы!»

Түштүн чечмелениши падышага терең таасир калтырды. Ал Даниелге көп белектерди берип, аны бай адам кылды.

Кийинки берүүбүздөн ал андан ары эмне кылганын билебиз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Небухаданасар, төлгөчүлөр, Даниел, кызматчы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)