STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 075 (Special binoculars)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

75. Өзгөчө дүрбү


Балдар, силер пайгамбар деген ким экенин билесиңерби?

Жаркынай: «Пайгамбар деген, Кудай Өзүнүн пландарын ачып берген адам».

Акыл: «Кудай Өзүнүн эмне кыларын билдирген, алдыда эмне боло турганын айтып бере турган адам».

Пайгамбар – Кудайдан өзгөчө бир дүрбү алган адам десек да болот. Ал дүрбү аркылуу алдыга көз чаптырып, башка эч ким көрө албаганды көрө алат. Захария деген байыркы пайгамбар келечекти көрө алган жана Кудайдын айткандарын жазып алган. Анын китебинде мына булар жазылган: «Кубан, Иерусалим. Сага сенин адил, куткаруучу, момун Падышаң эшекке минип келатат».

Кудай эмнени алдын ала билдирсе, ошол орундалды. Захариянын алдын ала айтканы 500 жылдан кийин орундалды.

Ыйса Иерусалимге багыт алды. Жолдон ал бир чакан айылга кайрылды. Ал жерден эки шакиртине тапшырма берип, бир жакка жөнөттү.

Ыйса: «Кийинки айылга баргыла, ал жерден бир эшекти көрөсүңөр. Аны чечип алып, Мага алып келгиле».

Шакирт: «Бирөөнүн эшегин ала берсек болобу?»

Ыйса: «Эгерде кимдир бирөө эшекти эмнеге чечип атасыңар деп сураса, Теңирге керек деп жооп бергиле».

Шакирт: «Макул. Сен айткандай кылабыз». (шагылдын үстүнөн баскандай үн)

Эки адам айылга киришти, баары Ыйса айткандай болду. Алар эшекти табышты да, байланып турган жеринен чечип алышты.

Эшектин ээси: «Эй, эмне кылып атасыңар? Бул менин эшегим».

Шакирт: «Ал Теңирге керек. Бизди буга Теңир жиберди».

Эшектин ээси: «Силердин Устатыңарбы? А, анда жакшы, макул. Баары жайында. Ала бергиле». (шагылдын үстүнөн баскандай үн)

Шакирттер эшекти Ыйсага алып келип, жонуна кийимдерин коюшту. Ыйса ага минди. Башкалар кийимдерин Анын жолуна килемдей кылып төшөштү да, пальманын бутактарын алып алышып булгалап, салтанаттуу учурашып турушту.

Эл: «Кубан, Иерусалим, сага сенин Падышаң келатат!»

Эл: «Осанна! Кудайдан келаткан Падышага даңк!»

Эл: «Осанна! Бизди куткар! Сен биздин Падышабызсың!»

Алар көп нан бере турган, римдиктердин кысымынан бошото турган Падышаны каалашкан. Бирок Ыйса ал үчүн келген эмес.

Бир жумадан кийин алардын Андан көңүлү сууп, ачууланып кыйкырып жатышты:

Эл: «Бизге Анын кереги жок. Жоголсун! Асып сал Аны! Асып сал!»

Ыйса аларга нанга караганда алда канча баалуу нерсени бергиси келгенин алар түшүнүшкөн жок. Ал алардын жүрөгүндө падышалык кылып, өмүрдө жол көрсөтүп тургусу келген.

Бизге да Ал ушуну каалагандыгы үчүн мен кубанам.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, Ыйса, шакирт, эшектин ээси, эл

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:39 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)