STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 036 (Identifying love)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

36. Сүйүү – билдире турган белги


Алма бакты кантип билсе болот?

Бөбөк: «Анда алмалар өсүп турат».

А өрүктү кантип билебиз?

Бөбөк «Анда өрүктөр өсөт».

А жаңгак багын кантип билебиз?

Бөбөк: «Анда жаңгактар өсөт».

Дарак жемишинен билинет. Жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак – жаман жемиш.

А машайакчыны кантип билүүгө болот?

Ыйсага тиешелүү адамдарды айырмалап турган өзгөчө бир белги бар. Эки дос ал белгини алгачкы машайакчылардан байкашкан.

1-дос: «Байкадыңбы, Рут мурдагыдай албуут болбой калыптыр? Мурда ал дайыма эле кошуналарга нааразы болуп, урушуп атчу. Азыр болсо аларга жардам берип, атургай кудуктан суу да алып келип берет. Кошуналарына ушунча күйүмдүү мамиле кылган мындай адамды көрө элек болчумун».

2-дос: «Бул Даниел да дайыма эле түнөрүп жүрчү эле, капысынан эле ак көңүл болуп калыптыр. Уруша да элек. Эки жума болуп калды, таанылбайт».

1-дос: «Бул алар ишенген Ыйсага байланыштуу болуш керек. Бири-бирине болгон сүйүүсү аркылуу алар машайакчылар экени байкалып турат».

2-дос: «Алар күн сайын сыйынышат. Таң калам, алардын ушунча сыйынганга убактысы бар. Анан да алар бактылуу көрүнүшөт. Алар эң сонун достор».

1-дос: «Элестет, Жусуп өзүнүн жалгыз жер аянтын сатып, жыйындын жетекчисине берди, ал болсо аны жакырларга таратып берди!»

2-дос: «Акыл-эси жайындабы?»

1-дос: «Кээ бирлери үйлөрүн сатып, болгон мүлкүн жакырларга таратып беришти!»

2-дос: «Алар кантип чогуу жүрүшөт! Аягандын ордуна бири-бири менен бөлүшүшөт».

Алар өзгөрүштү. Алар бири-бирин жакшы көрүп калышты. Адамдар муну көрүп айраң-таң.

Машайакчылардын жашоосу Кудай Библия аркылуу үйрөткөндөргө туура келет.

(кайсы бир ырдын обонунун коштоосунда)

Ыйык Рух биздин жашообузда жакшылык гана жаратат. Сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук жана өзүн өзү токтото билүү. Ушул жемиштер сенин жашооңдо барбы?

Ыйсага ишенүү сени өзгөртөт. Адамдын жүрөгү өзгөргөндө бул өзгөрүүнүн белгилерин баары көрүшөт. Адамдар сенден бул белгилерди көрүп жатышабы?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бөбөк, эки дос

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:18 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)