STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 019 (Who is the true God 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

19. Чыныгы Кудай ким 4


Ахап падыша Илияска аябай ачууланды.

Ахап: «Көптөн бери жамгыр жаабаганына ушул пайгамбар күнөөлүү!»

Ахап ачууланганынан жанына жай таппай атты. Бул чоң кургакчылык өзү тирүү Кудайды таштап койгону үчүн келгенин ал, чындап эле унутуп койдубу? Үч жыл өттү. Ушунча убакытта Ысрайыл жерине бир тамчы тамган жок. Ошондо Илияс турду да, Ахап падышага жөнөдү.

Илияс: «Ахап падыша, жаан жаасын десең, бүт элди, Баалга табынган бүт ыйык кызмат кылуучуларды чогулт; Кармел тоосунан жолугабыз. Ошол жерден чыныгы Кудай ким экенин көрөбүз: Теңир бекен же Баал бекен?»

Ахап макул болду.

Эртеси күнү эртең менен бүт эл тоонун чокусуна чогулду. Эмне болот? Илияс элге кайрылды:

Илияс: «Качанга чейин олку-солку болосуңар? Кимге кызмат кыларыңарды бүгүн чечкиле: Кудай-Теңиргеби же Баалгабы?»

Эл унчукпады. Ал ортодо Илияс курмандык чалынуучу жай куруп, ага курмандыкка жандык койду. Баалдын ыйык кызматчылары да ошондой кылышты.

Илияс: «Коё тургула! От жакпагыла! Ар ким Өзүнүн Кудайына сыйынсын. Кимдин Кудайы асмандан от түшүрсө – ошол чыныгы Кудай!»

Баалга табынуучулар дароо аны чакыра башташты. Алар бир нече саат бою кыйкырышты, бирок асмандан жооп болгон жок. Илияс аларга күлүп:

Илияс: «Ай-ай-ай! Катуураак кыйкыргыла! Мүмкүн кудайыңар уктап аткандыр же эс алганы кеткендир!»

Андан кийин тынчтык өкүм сүрдү. Илияс курмандык чалуучу жайга суу төктү. Ал жердеги отундун баары суу болду. Суу отун күйөбү?

Илияс катуу жана чын дилинен жалбарды:

Илияс: «Теңирим, Кудай! Бүгүн Өз элиңе Сен – Ысрайылдын Кудайы экениңди, а мен болсо – сенин кызматчың экенимди көрсөтчү!»

Капысынан укмуштай нерсе болду. Асмандан курмандык чалынуучу жайга от түштү да, курмандыкты, отунду, таштарды, атургай сууну да жалмап кетти! Баарын жалбырттаган жалын каптады. Элдин үрөйү учту. Жүзтөмөндөп жыгылып, баары бир үн менен мындай дешти:

Эл: «Теңир – Кудай! Теңир – Кудай!»

Эл кайрадан Кудайга ишенип калды, Баалдын кызматчылары адилеттүү жазасын алып, баары өлүштү.

Теңир – Кудай! Илияс Кудайга дагы сыйынды, асманда кара булуттар пайда болду. Жамгырдын алгачкы тамчылары тамды. Чыныгы тирүү Кудай элге кайрадан жамгыр жөнөттү.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ахап, Илияс, эл

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:29 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)