Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 150 (Very brave 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

150. Абдан кайраттуулук 2


Бул бекем кайраттуулук менен кылынган иш болду. Инам табып даярдаган ачуу сууну ичкиси келбей, аны терезеден төгүп салган.

Инам: «Мен Сага таянам, Ыйса Теңир. Мени айыктыр!»

Кыз бат эле айыгып кетти.

Ал айыгары менен эле токойдогу кичинекей ийбадатканага барды.

(Музыка)

Башка ишенгендерге кошулуп, ал Ыйса тууралуу ырларды кубанып ырдады. Андан кийин Ыйса анын сыйынуусуна жооп бергенин, аны айыктырганын айтып берди.

Аял: «Апаң эмне деди? Ал сени ким айыктырды деп ойлоп атат?»

Инам: «Ал мага табып берген ачуу суу жардам берди деп ойлоп атат».

Аял: «А сен ага чынын айтып бересиңби?»

Инам жолду катар ушул жөнүндө ойлонду. Аны Ыйсага ишенгени үчүн көп сабашчу.

Кийинки күнү Инам ашканага кирсе, апасы чөп-чар туурап аткан экен.

Инам: «Апа, сен мени табыптын ачуу суусу айыктырды деп ойлоп атсаң керек. Андай эмес. Мен аны терезеден төгүп салгам. Мени Ыйса айыктырды».

Апасы: «Ушундайбы? Демек, бизге караганда амалкөйлүк кылган экенсиң да!»

Бул сөздөр ачуулуу үн менен чыккан жок. Тескеринче, ата-энеси кызынын кайраттуулугуна, канча уруп-сабашканына карабай Ыйсага ишенип жүргөнүнө мурдатан эле таң калып жүрүшкөн.

Апасы күндү карады.

Апасы: «Инам, ийбадатканага бара турган убакыт келди».

Инам сүйүнүп, апасын кучактап калды.

Ал биринчи жолу чогулушка ата-энесинин уруксаты менен кетти. Аз убакыттан кийин ата-энеси да аны менен бара башташты. Инамга ийбадатканада апасы менен атасынын ортосунда отурган аябай жакчу. Алар Ыйса тууралуу окуяларды чогуу угуп калышты.

Ата-энеси Ыйсага ишенгендердин чогулушунан уккандары тууралуу көп ойлонушту. Кызына сабашканына карабай ишенимин сактаганга ушунчалык күч берген Ыйсага ишенимди өздөрүнүн дини менен салыштырып көрүштү.

Ошентип, бир күнү Инамдын ата-энеси Ыйсанын жолуна түшүүнү чечишти.

Инамдын жашоосун көрүп, алар Ыйсанын тирүү экенине ишеништи. Көп сабоо жегенине карабай, алардын кызы Инам Ыйсага ишенимдүү болду, анын Ага карата сүйүүсү күндөн күнгө арта берди.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, аял, Инам, апасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:23 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)