Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 079 (Invaluable)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

79. Кымбат баалуу бермет


(суунун чулп эткени) Индиялык суучул бермет алыш үчүн океан суусуна шамдагай секирди. Анын эң жакшы досу Дэвид Морс кайыкта суудан анын башы көрүнгүчө карап, күтүп отурду. Ал бычак менен моллюсканын капкагын ачты.

Дэвид Морс: «Рамбхау, сен тим эле алдыңа киши салбаган суучулсуң! Мындай бермет самандай акча турат да!»

Рамбхау: «Ооба, бермет жаман эмес».

Дэвид Морс: «А эмне, сен мындан да жакшыларын көрдүң беле?»

Рамбхау: «Үйүмдө мындан да кымбат бермет бар».

Дэвид Морс: «Менимче, бул берметке теңдеши жок. Сен өтө эле сын көз менен карап атасың».

Рамбхау: «А сен өзүңдүн Кудайың тууралуу дайыма ушундай айтасың. Бардыгы өздөрүн жакшы адаммын деп эсептешет, бирок алар чындыгында, ички дүйнөсүндө кандай экенин Кудай билет».

Дэвид Морс: «Ооба, чын. Бирок ал ар бир адамга таза жүрөк бергиси келет. Бул Кудайдын белеги. Түшүнөсүңбү?»

Ушуларды сүйлөшүп сүзүп отурушуп, алар жээкке жетишти.

Рамбхау: «Дэвид, баары жөнөкөй эле. Мындай белек алууга менин ар-намысым жол бербейт. Ага татыш үчүн мен бир нерсе кылгым келет. Тетиги зыяратчыны көрүп турасыңбы? Кырлуу таштарды жылаңаяк басып ал Калькуттага чейин барат. А мен тизелеп Делиге чейин барам!»

Дэвид Морс: «Рамбхау, эмнени айтып атасың? Бул миңдеген км аралык да. Тизелеп ал жакка жеткиче каның бузулуп, өлүп калбайсыңбы!»

Бирок Дэвид Морстун аракетинен пайда чыкпады. Бир нече күн өттү.

(Эшик кагылат)

Дэвид Морс: «Рамбхау, бул сенби? Кир, өт!»

Рамбхау: «Дэвид, мен эртең зыяратыма чыгып атам. Адегенде сага уулум тууралуу айтып беришим керек».

Дэвид Морс: «Сенин уулуң барбы?»

Рамбхау: «Болгон. Бүтүндөй жээк бою ал эң мыкты суучул болчу. Ал эң сонун берметти тапкысы келген жана аны тапкан. Бирок ошол үчүн ал суунун астында көп жүрүп калып, көп өтпөй көз жумду. (мукактанып, солуктаган үн) Мен бул берметти сага, эң жакын досума берем».

Дэвид Морс: «Кандай кооз, Рамбхау. Тим эле көз жоосун алат го! Мен муну жөн эле ала албайм. Бул үчүн 10 миң рупий берейин».

Рамбхау: «Аны сатып алууга болбойт!»

Дэвид Морс: «Эгерде ал кымбат турса, мен дагы иштеп таап берем».

Рамбхау: «Дэвид, бул бермет баа жеткис. Анын баасы уулумдун өмүрүнө тете болгон!»

Дэвид Морс: «Рамбхау, Кудайдыкы да так ушундай. Анын куткаруусу – жакшы иштер менен, зыярат менен татып алууга болбой турган белек. Бул Кудайдын белеги, анткени ал Кудай Уулунун – Ыйсанын өмүрүнө тете болгон. Анын белегин кабыл ал!»

Рамбхау: «Мен эми түшүндүм. Бул Анын Уулунун Өмүрүнүн баасына татыган экен. Ооба, бул куткаруу белегин кабыл алгым келет!»

Балдар, силер үчүн да, куткарылуу – Кудайдын белеги.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Дэвид Морс, Рамбхау

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:41 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)