Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 109 (Who is the thief)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

109. Ким ууру


Айзат менен Турат мектептен келип, түштөнүүгө отурушту. Алар көңүлдүү сүйлөшүп атышкан, апасы болсо негедир абдан сүрдүү. Капыстан ал балдарына кайрылды.

Апасы: «Кызык иш болду, кечээ эртең менен капчыгымда 200 сомдон ашык акча бар болчу. Бүгүн дүкөнгө барып аны-муну алып, төлөйүн деп эле акчам жетпей калса болобу. Акча каяккадыр жок болуп кетиптир. Силер алган жок белеңер? Турат? Айзат?»

Турат: «Апа, биз эмне, ууру белек».

Айзат: «Биз алган жокпуз, албетте».

Апасы: «Таң калычтуу. Акчалар каякка жоголду, акылым жетпейт!»

Турат менен Айзат түштөнгөндөн кийин дасторконду жыйнашты да, үй тапшырмасын аткарууга киришишти. Айзаттын абийири тынчтык бербей атты. Атургай апасынын капчыгынан акча уурдап алганы үчүн өзүн жаман сезе баштады.

Айзат: «Эмнеге алдым экен ал акчаны? Бирок апам мага жаңы сөйкө алганга акча бербей койбодубу? Ой мен уурдаган деле жокмун да, карызга алдым. Жакында берем».

Бирок бул ойлорунан ал жеңилдеген деле жок. Абийири аны дагы деле кыйнай берди.

Алар Библияда уурулук күнөө экени айтылганы жөнүндө аз күн мурда эле сүйлөшүшкөн. А күнөө деген дубал сыяктуу. Ал бөлүп турат. Айзат муну даана сезип турду. Ал акча алгандан бери апасы экөөнүн ортосунда көрүнбөгөн дубал туруп калды. Дубал Айзатты апасынан гана эмес, Ыйсадан да алыстатты.

Айзат кылган кылыгын андан ары актай алган жок. Түштөнүү учурунда калп айтып койгону абалды ого бетер курчутту. Бир күн кечке түйтөйүп жүрдү. Төшөгүнүн алдына катып койгон жаңы сөйкөлөр да эми аны кубантпады. Кечинде жатканда ал буулугуп ыйлап жиберди.

Апасы: «Айзат, эмне болду?»

Айзат: «Акчаны мен алган болчумун. Эми сен мени жакшы көрбөйсүң».

Апасы: «Сен туура эмес кылгансың. Бирок азыр абдан туура кылдың, мойнуңа алып мага айтып бергенге күчүң жетти. Мен сени кечирем. Алган акчаңды мен сага дайыма берип турган акчадан кайтарсаң болот. Ыйсадан кечирим сурагың келеби?»

Айзат: «Ооба. Ыйса Теңир, акча уурдап алганым үчүн абдан өкүнөм! Мени кечирип кой, суранам. Мени сүйгөндүгүң үчүн рахмат!»

Айзаттын ийининен аябай чоң, оор жүк кулап түшкөндөй болду. Ал кайрадан кубанды. Эң негизгиси, апасы да, Ыйса да аны мурункудай эле жакшы көрүшөт!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, апасы, Айзат, Турат

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:14 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)