Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 098 (Punishments and promises 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

98. Жаза жана убада 2


Аял: «Качан басылат деги бул жаан?»

Эркек: «Нухтун айтканы чын эле келгени калдыбы?»

(Кеменин капталдарына муштум менен ургулаган үндөр)

Баары: «Жардамга! Нух, ач! Бизди киргизип койчу!»

Бирок кеч болуп калган эле. Кеменин эшигин Кудай Өзү жапты. Мурда алар Кудайдын үнүн уккулары келген эмес эле, тил албастыктын айынан эми азапка малынышты. Кудайга каршы чыккан адамдарга дайыма ушундай болот.

Суу улам өйдөлөй берди. Кудай эмне деп эскертсе, так ошондой болду. 40 күн, 40 түн тынбай катуу жамгыр куюп турду.

Айласы куруган адамдар үйлөрдүн чатырларына, бийик тоолорго чыгышты. Бирок суу эң бийик тоонун чокусунан да 5 метр жогору көтөрүлдү. Жандуунун бардыгы топон сууга чөгүп кетти. Нух жана аны менен кемеге киргендер гана калды.

Суу бир жыл бою тартылып отурду.

Нух: «Кызык, жер кургады бекен? Карганы чыгарып көрөйүнчү».

Кийинчерээк Нух көгүчкөндү чыгарды. Куштар жер үстүнөн кургак жер табышаар бекен, билгиси келди. Бирок алар кургак жер таппай, кайра кемеге кайтып келишти. Бир апта өттү.

Нух: «Башка көгүчкөндү чыгарып көрөйүнчү».

(Терезе ачылып, куштун учуп чыкканы угулат)

Нухтун аялы: «Карасаң! Тумшугунда жашыл бутакча турат!»

Нух: «Демек, аз эле калыптыр!»

Нух көгүчкөндү үчүнчү жолу чыгарганда ал кайрылып келген жок.

Толук бир жыл өттү. Суу тартылып, жер кургады.

Кудай айтат: «Нух, үй-бүлөң менен кемеден чык. Жан-жаныбарлар да чыксын кемеден. Тукумдап, жер үстүнө тарагыла!»

Топон суудан куткарылгандын баары кемеден кургак жерге чыгышты.

Балдар, эгерде силер Нухтун ордунда болсоңор, эң биринчи кезекте эмне кылмак элеңер?

Нух Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, курмандык чалды. Куткарганы үчүн ушинтип ыраазычылык билдирди. Нух жашоосун Кудайга арнады. Бул Кудайга жакты.

Кудай айтат: «Мен мындан ары жерди топон суу менен жок кылбайм. Жер бар болуп турганда анда дайыма жай менен кыш, күн менен түн болуп турат. Сени менен келишим түзөм. Күн желеси ушул келишимдин белгиси болсун».

Асманда биринчи жолу күн желеси пайда болду. Ал аябай кооз, түркүн түстүү эле! Ал азыркыга чейин Кудайдын ишенимдүүлүгүн эскертип келет. Ал Кудай Сөзүн аткарууда. Силер толугу менен Ага таяна аласыңар. Эми күн желесин көргөнүңөрдө, Кудай жөнүндө ойлонгула.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эркек, аял, Нух, Нухтун аялы, Кудай

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:35 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)