Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 165 (The secret place is taken 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

165. Алачыктагы чоочун бирөө 3


Рут (сүйүнүп): «Маргарит эже, Робинжер айым мени ишемби күнкүгө, эгиздерин сейилдетүүгө чакырды. Барсам болобу? Суранам, барайынчы!»

Маргарит эже: «Каап, болбой калат го. Миллер айымга сени анын жээни менен ойногонго жиберем деп койбодумбу».

Рут: «Ал жакка баргым келбейт! Мен аны жаман көрөм! Мен өзүм каалаган жакка, өзүм барам!»

Маргарит эже: «Рут, бөлмөңө кир! Мен сени өзгөрдү деп ойлодум эле».

Рут: «Мага баары бир!» (Эшикти тарс жабат)

Бирок чындыгында Рутка баары бир эмес эле. Керебетине кулап, өңгүрөп ыйлады.

Маргарит эже: «Рут, сага эмне болду?»

Рут (ыйлап): «Мен кайра эле өзүмдү жаман алып жүрдүм! Жакшы Кайтаруучу мени дагы эле жакшы көрөбү? Маргарит эже, айтсаңыз, Ал мени кечиреби?»

Маргарит эже: «Албетте, кечирет, Рут. Эгерде сен чындап өкүнсөң, күнөөңдү мойнуңа алсаң, Ыйса Теңирден кечирим сура, Ал кечирет!»

Рут сыйынды. Маргарит эжесинен да кечирим сурады. Андан кийин ал абийири тазаланып, көңүлү тынч, эртеңки күндү кубаныч менен күтүп уктап калды.

Рут менен Филип Уилдин токоюндагы сырдуу жерине барышмак.

Алар эртең менен эрте жөнөштү.

Коюу чөптөрдүн арасындагы алардын алачыгы баягысындай эле туруптур. Филип кирип баратып, кайра чыкты.

Филип: «Бирөө бар экен! Эй, чык бул жактан! Бул биздин алачык!»

Терри: «Кереги жок мага силердин шелпейген алачыгыңардын. Мен мындан 100 эсе артык алачык жасап алам!»

Алардын алачыгынан эскилиги жеткен көйнөк, жыртык шым кийген 10 жаш чамасындагы бала чыкты. Анын аты Терри эле. Ал Филип менен Рутка дароо эле жагып калды, алар достошуп алышты. Терри алардын эң жакшы досу болуп калды. Алар ал жерден тамактанышып, Террини да коноктошту. Ал жаңы досторуна Уилдин токоюнун көп сырларын ачып берди.

Терри бактарга, ал тургай эң бийик бактарга да, маймылдай болуп шамдагайлык менен чыгып кетет.

Филип: «Токто, Терри! Андан ары чыкпа! Бутак аябай ичке экен!»

(Бутактын сынганы угулат) Бутак сынып, Терри кулап түштү. Ал кыймылсыз жатты.

Филип: «Рут, ал тирүү окшойт. Сен ушул жерде туруп тур, мен жардам чакырайын».

Рут Терри үчүн аябай тынчсызданып, сыйынды:

Рут: «Ыйса Теңир, сенден суранам, Терри өлбөсө экен. Ал Сенин козуларыңдын бири болуп калышы үчүн, мен ага Сен тууралуу айтып берем».

Акыры жардам да келди. Террини акырын замбилге салып, ооруканага алып кетишти.

Филип: «Рут, сен кандай деп ойлойсуң, Терри өлөбү?»

Бул тууралуу кийинки берүүбүздө уга аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рут, Маргарит эже, Филип, Терри

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:34 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)