Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 160 (Why does Jesus allow it 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

160. Эмне үчүн Ыйса мындайга жол берет 1


Үч бир тууган: эже-сиңди жана алардын бир тууганы бири-биринен ажырагыс эле. Балдар, ким жөнүндө айтып жатам? Марта тың, табышкер кыз болчу. Мариям жоош, бир аз тартынчаак эле. Агасы Лазарга алар дайыма таянышчу. Үчөө тең Ыйсаны жакшы көрүшчү. Бетанияга келгенде Ыйса дайыма алардыкына кире кетчү.

Адатта алардын үйүндө кубанычтуу маанай болуп турчу. Бирок бир күнү Лазар катуу ооруп калды. Мариямдын тынчы кетип, Лазардын баш жагында отурган. Ооруп жаткан бир тууганы араң-араң оозун кыбыраткан болду да, көзүн жумду.

Бир тууганынын өңүн көрүп, эшиктен кирген Мартанын жүрөгү шуу дей түштү.

Марта: «Мариям, минтип отура бергенибиз болбойт. Ага Ыйса жардам бере алат. Мен Лазардын ооруп атканын кабарлап, тезирээк Ыйсага айттырып иейинчи».

Эси оогончо энтиккен Мариямдын кабарчысы Ыйсаны акыры Иордан дарыясынын боюнан тапты.

Кабарчы: «Ыйса, батыраак Мариям менен Мартага бар. Алар менден Лазардын катуу ооруп атканын айттырышты. Шашылбасаң, ал өлүп калышы мүмкүн!»

Ыйса бул үч бир тууганды жакшы көрчү. Бирок Ал шашылган жок. Ал шакирттери менен жүргөн жеринде дагы бир нече күн жүрдү.

Ыйса: «Эми Лазарга баралы. Ал уктап атат. Мен аны ойготом».

Шакирт: «Эгер уктап атса, анда айыгат экен».

Ыйса: «Уктап атат деп Мен андай мааниде айткан жокмун. Лазар өлдү».

Шакирт: «Өлдү?»

Ыйса: «Мен ал жерде болбогонума кубанам. Анткени ушул аркылуу силер Мага ишенүүгө үйрөнөсүңөр».

Шакирттер эч нерсени түшүнбөй калышты. Лазар өлдү, Ыйса болсо кубанып атат! Алар кантип бул аркылуу Ага ишенүүгө үйрөнүшөт?

Мүмкүн Ыйса аларга өтө жаман нерсе болсо да, Ага ишенүү керектигин үйрөткүсү келгендир? Атүгүл эч нерсе түшүнүксүз болуп жатканда да?

Лазардын сөөгүн мүрзөгө коюшту. Мариям менен Марта мүңкүрөп ыйлап отурушту. Көптөгөн кошокчулар келишкен. Алар эже-сиңдини сооротууга аракет кылып атышты.

Азыр болсо, балдар, силерге анча чоң эмес тапшырма берем. Бул суроого жооп берүүгө аракет кылып көргүлөчү: Ыйса сыйынууңарга жооп бербесе, силерге дароо эле жардам бербесе, эмне кылат элеңер?

Силердин жашооңордо эң эле жаман бир нерсеге жол берсе эмне кылат элеңер?

Анда деле Ыйса силерди эч нерсеге карабай жакшы көрөрүнө ишенет белеңер?

Ушул жөнүндө ойлонуп көрсөңөр!

Унутпагыла, бул окуя кийинки берүүбүздө уланат.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Марта, кабарчы, Ыйса, устат

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:17 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)