Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 147 (Nothing is too hard for God 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

147. Кудайга мүмкүн болбогон эч нерсе жок 2


Мүмкүн эмес! Таптакыр мүмкүн эмес! Балким Ыбрайым ушинтип ойлогондур.

Эмне үчүн? Аялы Саара экөө карып калышкан. Кудай аларга мурда эле уул убада кылган. Бирок 89 жашында бала төрөө, 99 жашында ата болуу – мүмкүн эмес нерсе.

Чыны менен эле Кудай аны унутуп койдубу?

Ыбрайым чатырдын кире беришинде отурган. Түшкө маал эле, күн куйкалап турган. Ыбрайымды таң калтырып, үч конок келди. Ыбрайым башын ийип таазим кылды. Алардын бирөө Кудай Өзү экенин ал баамдады бекен?

Ыбрайым: «Мырзам, кетүүгө шашпа. Меникинде кал. Суу алып келип, бутуңду жууп берейин. Көлөкөгө отуруп тур. Тамак даярдай коеюн».

Мейман: «Айтканыңдай кыл».

Ыбрайым бардыгын даярдоого шашты. Саара нан бышырды, үй кызматчысы торпок сойду. Ыбрайым конокторунун алдына жаңы сүт менен жакшы тамак койду.

Мейман: «Аялың Саара кайда?»

Ыбрайым: «Чатырда».

Мейман: «Мен сага чындыкты айтып жатам. Бир жылдан кийин дагы келем. Саара уул төрөйт».

(Күлкү угулат)

Саара күлүп жиберди. Ал меймандардын Ыбрайым менен сүйлөшкөндөрүн угуп турган. Бул мүмкүн эмес да, мен карып калбадымбы.

Мейман: «Эмне үчүн Саара күлүп, кантип төрөмөк элем деп атат? Кудай үчүн кыйын нерсе барбы? Бир жылдан кийин Саара уул төрөйт!»

Кудай үчүн кыйын нерсе барбы? Кудай Ыбрайымга ондон ашык жолу уул убада кылган. Бир жолу Ал муну өзгөчөлөнтүп айтты.

Кудайдын үнү: «Ыбрайым, асманды карап, жылдыздарды саначы. Сага мына ушунча бала берем!»

Ыбрайым жылдыздардын баарын санап чыга алган жок, бирок ал Кудайга ишенди. Жылдыз толо мелжиген асман Кудайдын дагы да улуу экенин күбөлөндүрүп турду. Ал үчүн кыйын нерсе барбы? Жок!

Элестетип эле көргүлө, Ыбрайым 100 жашында ата болду, 90 жаштагы Саара болсо эне болуу бактысына ээ болду.

(Баланын күлкүсү угулат) Көптөн күткөн уулунун атын алар Ыскак деп коюшту.

Кудай үчүн кыйын эч нерсе жок. Ал биз элестете алган нерселердин баарынан улук. Жылдыздарды санаганга аракет кылып көрчү, ошондо Кудайдын улуу экенин аңдап түшүнөсүң!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыбрайым, мейман, Кудайдын үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:13 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)