Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 070 (It‘s worth it)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

70. Бул ошого татыктуу


Петир: «Түнү бою балык уулап, бир балык кармабайт деген эмне!»

Түнү бою тарткан убарасынан майнап чыкпай, балыкчылар шылкыя кайыкты жээкке алып чыгышты. Эми торду тазалап, оңдош керек. Аңгыча Галилея деңизинин жээгине топтошкон эл пайда болду. Ыйса келди! Эл Аны уккусу келди. Анткени Анын сөздөрү күч-кубат, дем берет. Эл Ыйсанын жанына топтошуп, түрткүлөшүп атты. Ыйсага сүйлөгөнгө ыңгайсыз болду.

Ыйса: «Петир, сенин кайыгыңа отурсам болобу? Жээктен кичине нараак сүзчү».

Эми Анын сөзү баарына угулуп, Аны баары көрүп турушту. Ал насаат сөзүн айтып бүткөндө, Петирге карады.

Ыйса: «Петир, азыр балык уулоого барабыз! Нараак сүзүп барып, торуңду сал».

Петирдин ушул учурдагы жүзүн көргүм келет эле. Таң калып эле калса керек. Азырбы? Балык уулайбызбы? Күндүз көлдүн үстү жылыгандыктан, балыктар түбүнө сүзүп кетишет да. Күндүз да бирдеме кармалабы? Петир тажрыйбалуу балыкчы эле. Башкасы билбесе да, күндүз тор салуу бекер убара экенин Петир жакшы билет.

Петир: «Устат, биз түнү бою тырмышып, бир балык кармай алган жокпуз».

Биз Ыйсага жолубуз болбой калганын айтып берсек болот.

Петир: «Бирок Сен айтып жаткан соң, мен торду салайын».

Азамат Петир! Өзүн баарын билген акылдуу адам деп эсептебеди. Ыйсаны угуп, чоң сыйлык алды. Башка балыкчылар болуп, жээктен сүзүп кетишти да, тор салышты. Керемет болду! Кармалган балыктын көптүгүнөн тор тытыла баштады.

Петир: «Жакан, Жакып, жардамдашкыла! Жалгыз биздин алыбыз келбейт!»

Алар досторун жардамга чакырып, эки кайыкка балык жүктөштү. Балыктын көптүгүнөн жүк оор болуп, кайыктар чөгүп кете жаздады.

Ыйса Петирге өтө терең таасир калтырды. Ыйса канчалык улуу экенин Петир аңдап түшүндү.

Петир: «Теңир, менин жанымдан кет, мен күнөөкөрмүн!»

Ыйсанын Петирден кетпей, аны кечиргени кандай сонун!

Эгерде күнөөбүздү Анын алдында моюнга алсак, Ал ар бирибизге ушундай мамиле кылат.

Ыйса: «Коркпо, Петир. Эми сен балык эмес, адам кармайсың».

Ыйса Петирге жаңы жумуш берди. Петир Ыйса үчүн адам кармоочу болуп калды. Ыйса мыктынын мыктыларын эле эмес, Анын сөзүн угуп, Аны менен жашоону чоң сыймык деп санаган, Петирге окшогон карапайым адамдарды да чакырганы кандай жакшы.


Катышуучу: Айтып берүүчү, Петир, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 03:02 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)