Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 065 (Missing for three days)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

65. Үч күндүк издөө


(Жолдогу адамдардын үнү)

1-жолоочу: «Бул майрамды мен жакында унутпайм».

2-жолоочу: «Ооба, баары сонун болду».

1-жолоочу: «Бизге чоң сыймык берилген. Биз – Кудай эркиндикке чыгарган элбиз. Мен эмки жылы да Иерусалимге келер элем».

Мариям: «Тынчтык силерге. Биздин Уулубузду көргөн жоксуңарбы?»

Жусуп: «Эч жерде жок. Ал 12 жашта».

2-жолоочу: «Мүмкүн ал алдыга кеткен элдин арасындадыр».

Мариям менен Жусуп Ыйсаны издеп жүрүштү. Иерусалимге Ал биринчи жолу келген болчу. Үйгө бараткан жолдо Ал күтүүсүздөн каяккадыр жок болуп кетти.

Мариям: «Жусуп, Аны ойлоп менин санаам тынчыбай жатат».

Жусуп: «Шаарга кайтып, Аны ошол жактан издешибиз керек».

12 жашар Уулу тууралуу алар бардык жерден сурашты. Ыйсаны эч ким көрбөптүр. Акыры, үч күндөн кийин Аны ийбадатканадан табышты. Кудайдын үйүндө мыйзам окутуучулар менен Библия тууралуу талкуулап отурганын көргөндө, алар аябай таң калышты. Анын суроо-жоопторуна алар аң-таң калып турушкан экен.

Мариям: «Эмнеге бул жерде калып калдың? Сени бардык жерден издедик, аябай сарсанаа болдук».

Ыйса: «Мени эмнеге издедиңер? Мен Атамдын үйүндө экенимди билген жоксуңарбы?»

Ыйса биринчи жолу Кудайды Атам деп, Өзүн болсо, Анын Уулу атады.

Уксаңар, балдар, качандыр бир Кудайдын Уулу Ыйса да наристе болгон. Ал кадимки адам болгон. Силердей эле күлгөн, ыйлаган, тамактанган жана уктаган. Силерге окшоп Ал да окуган. Анан да, силердей болуп, ата-энесине тил алчу. Силер күлүп атасыңарбы? Силер эмне, ата-энеңердин тилин дайыма укпайсыңарбы?

Библияда мындай деп жазылган: Балдар, ата-энеңерге тил алгыла. Ыйса дайыма ата-энесине тил алган. Ал эч качан сөзү менен да, иши менен да күнөө кылган эмес. Эч качан калп айткан эмес, эч качан уурдаган эмес. Ал күнөөсүз болчу. Тил алгандан кубаныч алчу. Ошондуктан Ал тил алып, Мариям менен Жусупка кошулуп, Назаретке кайтты.

Эгерде Ыйсага тил алгың келсе, Ал үлгү кылгандай жашоого жардам берет. Андан суран, ошондо Ал сенин бардык тил албастыгыңды кечирет.

Аны менен жашоону чечсең, бүт өмүрүңдө Ага жаккандай жашоого жардам берет.

Жүрөгүңдө Ыйса жашап жатканда, атургай таштандыны алып чыгуу, идиш жууш сыяктуу тажатма иштерден да кубаныч аласың. Ыйса менен жашасаң, жашагың келет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки жолоочу, Мариям, Жусуп, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:46 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)