Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 066 (He’s finally here)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

66. Акыры ал бул жерде


Акыл: «Эми качан келет?»

Дагы күтүүгө Акылдын чыдамы жетпей турду. Терезеден көзүн албайт.

Акыл: «Апа, атам качан келет?»

Апа: «Бир аздан кийин келип калыш керек. Иш сапарынан кечинде кайтмак. Жол тыгынына туш болуп калбастыр деп атам».

Акыл: «Атам мага жаңы компьютердик оюн алып келет. Батыраак келсе экен!»

Жүйүт эли да ушинтип, Кудай убада кылган Куткаруучу эми качан келет деп күтүшкөн. Алар Ал жакында келет деп үмүттөнүшкөн. Бардык адамдарга куткарылуу жана тынчтык Алып келүүчүнү Андрей да чыдамсыздык менен күткөн. Ал баарынан Жакан менен чогуу болууну жакшы көрчү. Анткени Жакан дайыма Куткаруучу жөнүндө айтчу. Ал атургай, Аны көргөн!

Мына эми, Андрейдин жашоосундагы эң сонун күн келди.

Ал күнү ал Жакандын жанында, Иордан дарыясынын жээгинде турган. Капысынан эле Жакан кыйкырып жиберди:

Жакан: «Карагыла, Ал мына: Ыйса – убадаланган Куткаруучу!»

Андрей Жакан айткан Адамга карады.

Андрей: «Ал мына! Акыры Ал келди!»

Андрей Ыйса менен таанышкысы келди. Ал достору менен Анын артынан жөнөдү. Ким Аны издеп, Аны менен таанышкысы келерин Ыйса даана билет. Ал артына бурулуп, мындай деп сурады:

Ыйса: «Кимди издейсиңер? Силерге эмне керек?»

Андрей: «Айтчы, каякта жашайсың?»

Ыйса: «Жүрү Мени менен, көрсөтөйүн».

Аябай кубанган алар Ыйса менен жөнөштү. Анын кайда жашарын көрүп, бир күн кечке Анын жанында болушту.

Ыйса менен болуу – зор бакыт. Балдар, бул бакыттын даамын таттыңар беле? Андрей сөз менен жеткире алгыс кубанычка толду. Ыйса менен жолугушканын ал сөзсүз бирөөгө айтып бериши керек болчу.

А силер Ыйса тууралуу бүгүн бирөөгө айтып бере аласыңарбы?

Андрей Ыйса тууралуу биринчи эле бир тууганы Петирге айтты. Аны Шымон деп да аташчу.

Андрей: «Шымон, биз Аны таптык! Ыйса келди! Жүрү, Сен Аны менен сөзсүз таанышышың керек!»

Андрейдин жигердүүлүгү жугуштуу болду. Шымон бир тууганына ишенип, аны менен Ыйсага жөнөдү. Ыйса аларды күтүп аткандай туюлду. Атургай Петирдин атын да билет экен.

Ыйса: «Сен Шымонсуң. Бирок мындан ары сенин атың Петир болот».

Ыйса ага жаңы ысым берди. Анткени Ыйса аны бир аздан кийин жаңы адам кылды. Ыйсаны таап, Анын артынан ээрчисек, биз өзгөрөбүз. Бул мага дем берет, анткени Ал мени өзгөртүп жатканын билем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Акыл, апасы, Жакан, Андрей, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:49 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)