Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 064 (On the run)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

64. Качууда


Балдар, биздин берүүнү укканыңар кандай сонун! Төрөлүү майрамын жакшы майрамдадыңар деп ойлойм.

Дүйнөдөгү көптөгөн адамдар Төрөлүү майрамын белгилешип, түбөлүктүү Падыша – Ыйса төрөлгөнүнө кубанышат.

Бирок бир адам 2000 жыл мурда буга кубанган деле эмес. Ал Ирод падыша болчу. Ирод тактыдан ажырап калам деп корккон. Ошондуктан ымыркай Ыйсаны даанышмандардан кайда экенин билип алар замат өлтүргүсү келген. Бирок даанышмандар Иерусалимге кайтып келишкен жок. Анткени Кудай түш аркылуу аларга башка жол менен кеткиле деген.

Кудай айтты: «Ирод падышага кайтып барбагыла. Башка жол менен кеткиле».

Алар так ошондой кылды. Ким Ыйсаны жекече тааныса, жан дили менен Анын тилин алат. Алар үйгө башка жол менен кетишти. Бирок, коркунуч айланып өтпөдү. Кудай Жусупка эмне кылышы керек экенин түшүндө билдирди.

Кудай айтты: «Тур! Ымыркайыңды, аялыңды алып, Мисирге жөнө. Мен кайт дегенге чейин, ошол жакта бол. Ирод Ымыркайды өлтүрүү үчүн баарын кылат».

Жусуп Кудайды сүйчү, Кудай эмнени буюрса ошонун баарын аткарды.

Балдар, силер дагы Кудай буюргандын бардыгын дароо аткарасыңарбы?

Жусуп түн ортосунда Мариямды ымыркай Ыйса менен алып, токтоосуздан Бейт-Лехемден чыгып кетти. Ал муну так өз убагында кылды, анткени даанышмандар башка жол менен кетишкенин Ирод түшүнгөн эле. Аябай ачууланган Ирод коркунучтуу буйрук чыгарды.

Ирод: «2 жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүргүлө! Буйрукту Бейт-Лехемде жана бардык жакта токтоосуз аткаргыла!»

Ирод акылынан айныган го? Бул буйрук менен ал аябагандай көп кайгы алып келди. Бирок ымыркай Ыйсаны таппай, Ага зыян келтире алган жок.

Ыйса 3 жашка чамалап калганда жексур падыша көз жумду. Жусупка бул тууралуу периште түшүндө көрүнүп билдирди.

Кудай айтты: «Тур! Наристени жана Апасын алып, Ысрайылга кайт. Аны өлтүргүсү келгендер өлдү».

Жусуп Кудайды эки айттырган жок. Ага ишенип, ошол замат Мариямды жана наристе Ыйсаны алды да, жолго чыкты. Ысрайылга кайтып келишип, Назарет деген чакан шаарга жайгашышты. Кудай алдын ала билдиргендей, Ыйса Теңир ошол жерде чоңойду.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Кудайдын үнү, Ирод

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)