Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 032 (Does God answer every prayer)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

32. Кудай бардык сыйынууларды угат


Балдар, силердин жактырган түсүңөр барбы? Ирландияда Эми аттуу кыз жашачу, ал көгүш өңдү жакшы көрчү. Ага көгүлтүр асман, көк деңиз, анан да, дүйнөдө баарынан артыкча – апасынын көгүш көздөрү жакчу. «Менин көздөрүм күрөң болуп калганы кандай өкүнүчтүү» деп ойлоду Эми.

Эми: «Апа, чын эле Кудай менин бардык сыйынууларымды угабы?»

Апасы: «Ооба, кичинекейим, Кудай адамдардын бардык сыйынууларын угат».

Эми: «Атургай балдардыкын дагыбы?»

Апасы: «Албетте, Эми. Уктай гой. Бейпил түн! Уйкуң таттуу болсун!»

Эми: «Бейпил түн, апа!»

Жарык өчөрү менен Эми төшөгүнө отуруп алып, сыйына баштады:

Эми: «Кудайым, Сен баарын кыла аласың. Менин күрөң көздөрүмдү көгүш кылып берчи. Оомийин».

Кудай Эминин сыйынуусун укту, ал буга бекем ишенди. Ошондон кийин ал уйкуга кетти.

Эми эртең менен туруп, сыйынганын эстеди. Жуурканынан атып туруп, күзгүгө келди. Күзгүдөн ал чоң күрөң көздөрүн көрдү.

Көңүлү чөккөн Эми Кудай сыйынуумду уккан эмес окшойт деп ойлоду.

Ошол учурда ага бирөө: «"Ооба" деген эле жооп болбойт, "Жок" деген да жооп болот» дегендей болду.

Жылдар өтүп жатты. Эми чоңоюп, Индияга миссионер болуп кетти. Алардын тилин үйрөнүп, тамагын жеп, алардай кийингенге көндү. Атургай, алар үчүн чоочун болбош үчүн, кара тору болуп боёнуп да алды.

Бир жолу курбусу ага мындай деди:

Курбусу: «Эми, көздөрүң көгүш эмес, күрөң болгону кандай жакшы. Эгерде көздөрүң күрөң эмес, көгүш болгондо, сага жат адамдай мамиле кылышмак».

Күрөң көздөр? Эми кичинекей кезинде Кудайга көзүмдү көгүш кылып берчи деп сыйынганын эстеди. Жооп дайыма эле "Ооба" боло бербейт. Кээде Кудайдын "Жок" деген жообу жакшы болот.

Кээде Кудай бизге сураганыбызды дароо эле берет.

Кээде күтүүгө аргасыз кылат.

Кээде болсо, Ал "Жок" деп айтат.

Кандай гана жооп болбосун: ооба, жок же күтө тур – дайыма Кудайдын сүйүүсүнөн улам берилет. Биз үчүн Анын жообу дайыма эң жакшы.

Ал сен үчүн да эң чоң жакшылыкты жасайт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Эми (бала кези), Эминин апасы, курбусу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:19 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)