STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 149 (It‘s difficult for Inam 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

149. Инамга оңой эмес 1


Кир салынган себет оор эле. Инам аны сууга алып барды. Ал жерде кирлерди алып чыкты да, сууга салып, чоң ташка жышып жууй баштады.

Бул аябай оор иш. Чытырман токойдо кир жуучу машина жок эле.

Инамдын көзүнүн жашы кара тору жүзү ылдый агып атты. Аны дагы аеосуз сабашты. Инам талааны карап, күрүч плантациялары кичине болгон учурду эстеди.

(Эскерүү учурунда музыка коюлат)

Инам: «Анда Индонезияга чет өлкөлүктөр келишкен. Алар жыгачтан анча чоң эмес ийбадаткана курушкан. Ал жерге баары барса болот болчу. Дубалдын жылчыгынан ичин карап, алардын сонун ырдаганын укчумун. Андан кийин ийбадаткананын ичине кирип, Ыйса тууралуу, Анын биз үчүн айкаш жыгачта өлгөнү тууралуу кереметтүү баяндарды угуп жүрдүм.
Мен Ыйсанын жолуна түшүп, өмүрүмдү Ага арнайм деп чечтим. Ата-энеме Ыйсага сыйынганымды айтсам, алар аябай ачууланып, мени сабашты». (Музыка акырындайт)

Инам сабоо жегени үчүн эмес, ата-энеси үчүн ыйлады.

Инам: «Ыйса Теңир, менин ата-энем да Сага ишенип, Сен үчүн жашап, акырында асманга баргыдай болушса экен. Суранам, алар өлүп калышпаса экен!»

Инам кир салынган себетти үйгө алып келди.

Апасы (ачуулуу): «Эмне мынча кечиктиң? Бол батыраак, күрүч бышыр!»

Тамактан кийин Инамды үйгө камап коюшту.

Бирок ал акырын терезеден чыкты да, чытырман токойду аралап, кичинекей ийбадатканага чуркап кетти.

(Музыка)

Ал чогулуштарды калтыргысы келчү эмес. Жаттап алган аяттары, ырлар анын көңүлүн көтөрчү. Бирок ата-энеси аны чыбык менен тосуп алышчу.

Ыйсанын жолуна түшкөндөн баштап Инам башынан кыйынчылыктарды өткөрө баштады.

Аны көп сабашчу, бирок ал баары бир Ыйсага ишенип жүрдү.

Ал ооруп калганда апасы табып чакырды. Ал бир ачуу суу даярдап, кандайдыр бир дубаларды окуду.

Инам кантип бул ачуу сууну ичпей койсом экен деп ойлоп атты. Табып ага чөйчөктү сунган кезде апасын чакырып калышты.

Апасы: «Мен ашканага чуркайын, күрүчүм күйүп баратат!»

Табып артынан жөнөдү. Инам алар чыгары менен ачуу сууну терезеден төгүп салды.

Бул жөнүндө алар эч качан билишпейт!

Андан ары эмне болгонун эмки берүүдө уга аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Инам, апасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)