STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 121 (Tracks in the snow 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

121. Кардагы издер 5


Майя китеп окуп, бирок оюн бир жерге токтото албай койду.

Майя: «Чоң апа, мен жатайын. Түнүңүз бейпил болсун».

Бирок Майя бөлмөсүнө барбай эле, короого чыкты да, калың кар күрткүнү жиреп басып жүрдү. Үйдөн бир топ алыстап кеткен. Бир убакта тайгаланып кетип, бутун чыгарып алды да, андан ары жыла албай калды.

Майя (ыйлап): «Эмне кылам эми? Мени издеп келишкенче суукка тоңуп өлүп калам го!»

Ал карга отуруп алып, ыйлап атты. Асманда жылдыздар жылт-жулт этет. Майя башын көтөрүп, асманды карады. Кудай аны куткарар бекен, Фридлиге ушундай жамандык кылса да, куткарабы?

Капыстан лыжанын үнүн укту.

Майя: «Жардамга! Жардамга! Фридли, сенсиңби? Жардам берчи мага, суранам. Бутумду чыгарып алдым».

Фридли: «Мен барып чана алып келейин. Ме, курткамды кийип тур, мен келгиче».

Ал кеткенден кийин жалгыз калган Майя бүт жүрөгү менен сыйынды.

Майя: «Кымбаттуу Ыйса Теңир, мен күнөөкөрмүн. Сен мага керексиң. Суранам Сенден, менин бардык күнөөлөрүмдү кечир. Мен Сенин кызың болгум келет, азыр башыма кыйынчылык түшкөнү үчүн эле эмес. Оомийин».

Фридли чананы жылуу төшөгү менен сүйрөп келди.

Майя: «Фридли, мен сенин алдыңда бир нерсени мойнума алышым керек. Сенин пониңди мен талкалагам. Мен Ыйсадан кечирим сурадым. Ал мени кечирди. Сен да мени кечирип койчу. Мен мындан ары сени жек көрбөйм».

Фридли: «Мен сен деп эле ойлогом. Мойнуңа алып айтканыңа рахмат. Кечирем сени».

Майя үйүнө жакшы жетип алды. Ошол кечте Фридли сыйынды.

Фридли: «Ыйса Теңир, Клаус менен болгон окуя үчүн өкүнөрүмдү Майяга билдиргенге идея берчи».

Ал баягы карыя айтып берген докторду эстеди. Клаустун бутун ал айыктыра алат болду бекен? Ошол түнү кар бурганагына карабай, Фридли тобокелге салып, шаарга түштү. Жол кооптуу болгону менен шаарга жакшы жетип алды. Бирок иш ошого арзыйт эле. Доктор жардам берүүгө макул болду. Клаус ооруканада көпкө чейин дарыланды. Ал келгенде баары аябай кубанышты. Ал кайрадан баса баштады! Клаустун үй-бүлөсү Фридлини конокко чакырды. Клаустун балдаксыз басып жүргөнүн көрүп, ал аябай сүйүндү.

Доктор: «Клаус, Фридлиге ыраазы болушуң керек. Ал мага келген түнү өмүрүн тобокелге салып келди».

Фридли: «Мен өзүм мындай ишке баралбайт элем. Бул идеяны мага Ыйса берип, иш жүзүнө ашырганга жардам берди».

Ал эми анын тоодогу карыя-досу бардыгы үчүн акысын төлөп койду. Бирок бул Фридли экөөнүн жашыруун сыры бойдон калды.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Майя, Фридли, доктор

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:55 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)