STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 106 (End of the line 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

106. Акыркы станция 6


Жол бергиле – Бир жак каттамдуу көчө – Туюк көчө – Токтотконго болбойт – Жол бергиле – Токтобой өтүүгө болбойт (STOP)…

Жолдогу белгилерсиз шаарда бүт баш аламан болуп, жол көрсөткөн белгилерсиз өлкө чаташтырма эле болуп калмак.

Чөлдө аябагандай көп эл келатты. Жол да, жол көрсөтүүчү белгилер да жок. Бирок бир жол көрсөткүч бар эле. Ал булут мамы болчу. Египеттеги кулчулуктан убадаланган жерди көздөй ээрчитип, Өз элинин алдында Кудай Өзү келатты.

Өз элин туура жолдо ээрчиткен Кудайга ким тең келе алат?

Булут мамы токтогондо, эл эс алып алчу. Кайра жыла баштаганда, баары туруп, жол улашчу. Түн ичинде ал от мамыга айланып, жолго эң эле күчтүү прожектордон да жакшы жарык берип турган.

Өз элин туура жолдо ээрчиткен Кудайга ким тең келе алат?

Израилдик киши: «Булут токтоду. Чатыр тиксек болот».

Израилдик аял: «Кызыл деңиздин так жанына токтодук. Кандай сонун!»

Бөбөк: «Сууга түшсөк болобу?»

Израилдик киши: «Ой, эмне экенин жакшы көрө албай атам. Артты карасаңар!»

Израилдик аял: «Каран күн! Тигилер келатышат!»

Израилдик киши: «Египеттиктер кууп келатышат! Колго түштүк!»

Израилдик аял: «Муса, бул коркунучтуу чөлгө бизди эмне алып келдиң?»

Муса: «Коркпогула! Кудайыбызга ким тең келе алат? Ал бизди коргой алат!»

Капысынан израилдиктер менен египеттиктердин ортосунда зор булут туруп калды. Булуттун душмандарды караган жагына караңгы түшүп, ал эми израилдиктер жагы жаркырап турду.

Мына ушундай жардам берген Кудайга ким тең келет? Ал үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок!

Мусанын Кудайдан берилген аса таягы бар эле. Ошол аса таякты Кызыл деңизге карай сунду. (толкундар түрүлгөнүнүн үнү)

Израилдик киши: «Керемет! Карагылачы муну! Деңиздин так ортосунан кеткен жол!»

Израилдик аял: «Оң жакта да, сол жакта да – суу дубал. Жолубузду бизге Кудай ачты!»

Ушундай кереметтерди кылган Кудай менен ким тең келе алат?

Чындап эле, деңиздин ортосунда кургак жол пайда болду. Израилдиктердин баары ушул жол менен өтүп, аркы өйүзгө өтүштү.

1-египеттик: «Артынан кууйбуз! Биз деле ушул жол менен өтөбүз».

2-египеттик: «Ой, арабанын дөңгөлөктөрү ылайга тыгылып калды. Өлдүк! Бизге каршы Кудай күрөшүп атат!»

Ушуну айтары менен суу туш тараптан жабылды. Египеттик аскерлердин бардыгы сууга чөгүп кетишти.

Израилдиктер: «Куткарылдык! Куткарылдык! Кудайыбыз душмандарыбызды жеңди, аларды биротоло жок кылды».

Алар кубанып, Кудайга мактоо, ыраазычылык ырын ырдашты.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, израилдик киши, израилдик аял, бөбөк, Муса, эки египеттик

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:02 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)