Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 157 (Esther risks her life 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

157. Эстер өмүрүн тобокелге салат 2


Аман караниет эле эмес, өзгөчө бир текебер адам болчу. Персиянын улуу падышасы Акашбейрош аны падышалыктагы өзүнөн кийинки экинчи адам кылып койгон. Баары ага таазим кылып, урмат көрсөтүп турушчу. Жалгыз эле Эстердин багып алган атасы Мордохай эч качан ага таазим кылчу эмес. Буга Амандын каары кайнап чыкчу.

Аман: «Сен буйрукту аткаруудан баш тартып жатасың! Эмне үчүн мага таазим кылбайсың?»

Мордохай: «Анткени мен жүйүтмүн, жүйүттөр бир гана Кудайга таазим кылышат».

Аман: «Шашпа, сен бул кылыгың үчүн өкүнөсүң!»

Аман катуу арданды. Ал жүрөгүндө шайтандын планын түзө баштады.

Аман: «Мен аны өлтүрөм! Аны эле эмес, Персиянын 127 дубанында жашаган бардык жүйүттөрдү өлтүрөм. Баарын жок кылбасам элеби!»

Аман падышага жүйүттөрдү аябай жамандап, анын шайтан планын колдоого көндүрдү. Падышадан макулдук алып, ал каалаганынын баарын кылды.

Күлүк аттар менен чабармандарды жиберди; алар ар бир шаарга мөөр басылган каттарды жеткиришти. Үрөй учурган буйрук бардык жерге жетти.

Чабарман: «Падышанын буйругун уккула! 13-декабрда бардык жүйүттөр: эркектер, аялдар жана балдар – өлтүрүлүшү керек. Эч кимиси тирүү калбасын! Болгон мүлкүн тартып алып, өздөрүн кырып салгыла!»

Бул буйруктан элдин үрөйү учту. Жүйүттөр аза кийимдерин кийинишип, Кудайга боздоп кайрылышты.

Мордохай ордого шашылыш жардам сурап өтүнүч жөнөттү. Аларга жардам бере ала турган бүт дүйнөдө жалгыз гана адам бар эле – ал Мордохайдын багып алган кызы Эстер болчу.

Мордохай: «Эстер, сен падышага киришиң керек! Бизди тирүү калтырышын суран!»

Эстер: «Анте албайм. Өзү чакырмайынча падышага кирүүгө эч кимге уруксат жок. Мен ага кирсем, өлүп калышым мүмкүн!»

Мордохай: «Унчукпай койбо! Мүмкүн, так ушул үчүн – бизди куткаруу үчүн сен ханыша болгондурсуң».

Эстер: «Мен үчүн сыйынгыла. Падышага кирейин. Өлсөм өлөйүн!»

Эстер сыяктуу Ыйса да биз куткарылып түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн өлүмгө даяр болгон.

Эстер эң кооз көйнөгүн кийди да, толкундануу менен тактылуу чоң бөлмөгө кирди. Падыша аны көрдү. Аны кабыл алар бекен, же…

Бул тууралуу кийинки берүүбүздө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Аман, Мордохай, Эстер, чабарман

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:29 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)