Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 141 (Up at 5.00 o‘clock 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

141. Эртең мененки беште туруу 2


(Сааттын чырылдаган үнү)

Таңкы 5те саат шыңгырап, Хадсон ойгонду.

Бала: «Ушунча эртеби! Эмнеге?»

Тынчтык болуп турган кезде жайма-жай Библия окуш үчүн, ал эрте тургусу келчү. Бул анын кызматчылыкка даярдыгынын биринчи сабагы эле. Андан сырткары, дени сак, ден-соолугу чың болушу үчүн, спорт менен машыга баштады. Бул 150 жыл мурда болгон.

Хадсон Тейлор Ыйса Теңирди сүйүп, Анын кызматчысы болгусу келген.

(Эшик тыкылдайт)

Х.Т.: «Кутман күнүңүз менен, пастор! Кытай тууралуу окуганга бир нерсе барбы?»

Пастор: «Эмне үчүн Кытай тууралуу?»

Х.Т.: «Ыйса мени Кытайга кызматчы кылып жибергиси келет».

Пастор: «Кытайга кантип барсам дейсиң?»

Х.Т.: «Азырынча билбейм. Ыйсага таянам. Ал мага жол көрсөтөт».

Ыйсага таянуу өтө маанилүү. Биз буга үйрөнсөк болот. Хадсон Тейлор Ыйса менен ага абдан жардам берген келишим бекитти.

Х.Т.: «Ыйса Теңир, мен муктаждыктарымды Сага гана айтып турам!»

Хадсон бай эмес эле. Бир жолу анын, болгону, үч доллары калган. Ошондой учурда да ал кубанып, жакырларга барып турчу.

Киши: «Тейлор мырза, сизден суранам, оорулуу аялым үчүн сыйынып коесузбу».

Хадсон бул адам менен барып, кичинекей кир бөлмөдөгү ачка балдарды, катуу ооруп аткан аялды көрдү. Ал алар үчүн сыйынып, болгон акчасынын баарын берди. Өзүндө тамактанганга да эч нерсе жок калганын ал Ыйсага гана билдирди. Ыйса Теңир анын ишенимине сыйлык кылып, керемет жасады. Ошол күнү ага почта аркылуу белгисиз адамдан 12 доллар келди! Оорулуу аял болсо, айыгып кетти.

Хадсон ак ниет, бирок аябай унутчаак доктор Хардиникинде иштечү.

Доктор Харди: «Тейлор мырза, мен сизге айлык акыңызды бердимби?»

Х.Т.: «Жок».

Доктор Харди: «Кечирип коюңуз. Мен акчанын баарын азыр эле банкка алып бардым. Мага эскертип койсоңуз болмок экен».

Бирок Хадсон Ыйса менен сүйлөшүп алган, муктаждыктарын Ага гана айтмак. Бул келишимин буза албайт болчу. Ижараны кантип төлөш керек эми? Кабыл алуу бөлүмүндө кайрадан Доктор Харди.

Доктор Харди: «Мына айлык акыңыз. Азыр эле бир кардар келип, акча берди».

Ыйса Хадсонго кам көрдү. Ага таянган ар бир адамга Ал кам көрөт.

Кийинчерээк Хадсон Лондондон медицинаны окуду. Университеттин ооруканасында ага бир укмуштай нерсе болду. Эмне болгонун эмки берүүдөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Хадсон Тейлор, пастор, доктор Харди, бала, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:54 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)