Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 135 (The schedule 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

135. Айып дүмүрчөгү 3


(Жол кыймылынын уу-дуусу угулат)

Бала: «Жашоо мектеби, 2-бөлүк: билет».

(Жеңишке жеткендердин үнү)

Эл жеңишти майрамдап атты. Шаардын дубалдары куралсыз эле кулады. Аскерлер сурнай тартканда, Кудай шаар дубалын уратты.

Кудай менен израилдиктер бат эле бүт өлкөнү багынтып алышты. Жеңиш ээлери салтанат куруп жатышкан. Бир адам гана эч кимге билинбей өзүнүн чатырына кирди. Ал жол эрежесин бузган айдоочудай болуп, Кудайдын уурдаба деген мыйзамын көзкөрүнөө бузду.

Кудай айтат: «Коркпогула. Шаар силерге берилген. Силер, болгону, Менин осуяттарымды сактагыла: душмандан эч ким олжо албасын».

Кудай дайыма олуттуу айтат жана Анын бардык осуяттары абдан маанилүү. Бирок Ахан Кудайга олуттуу мамиле кылган жок.

Ахан: «Иерихондун урандыларынын астында укмуш нерселер бар го ыя?! Вавилондуктардын сонун кийими! Алтын жана күмүш! Мындай кенчтен кантип жөн эле өтүп кетүүгө болсун?! Баары бир мени эч ким деле көрбөйт…»

Эч кандай радар анын иш-аракетин байкаган жок, бирок Кудайдын видеокамерасы баарын тартып калды. Уурдап алгандарын чатырга алып барып катканга чейин Кудай Ахандан көзүн алган жок.

Кийинки шаарды багынтуунун убактысы келди. Чалгынчылар жакшы кабар алып келишти.

Чалгынчы: «Гай – кичинекей шаар экен. Аны 3000 аскер оңой эле багынтат».

Бирок алар согуштан жеңилишти. Шаардан чегинишкенде 36 адам набыт болду. Нундун уулу Жашыя Кудайга жалбарды.

Нундун уулу Жашыя: «О, Теңир, эмне үчүн мындай болду? Эмне үчүн бизге жардам берген жоксуң?»

Кудай анын суроосуна жооп берди.

Кудай: «Силер күнөөгө баттыңар. Араңардан бирөө уурулук кылды. Абалды түзөгүлө, ошондо Мен силерге жардам берем».

Ошондо баары айкындалды. Ахан ууру кылганын мойнуна алды.

Бир адам күнөө кетирди, анын айынан башкалары азап тартты. Жашоодо да ушундай, кызыл күйүп турганына карабай айдаган айдоочу жол кырсыгын жаратат, анын айынан башкалар өлүшөт.

Жол эрежесин бузгандар айып төлөшөт. Бирок биз Кудайга айып төлөй албайбыз. Адилеттүү Кудай осуятты бузуучулар өлүм менен жазаланышын талап кылат. Ошентип, Аханды кайгы өрөөнүндө таш бараңга алып өлтүрүштү.

Бирок, балдар, угуп алгыла! Адилеттүү Кудай сүйүүнүн да Кудайы. Айкаш жыгачта өлүп, Ыйса биздин ордубузга жазаланды. Эгерде силер Ыйсанын силер үчүн өлүп, кайра тирилгенине ишенсеңер, Кудай силердин “айып талонуңарды” айырып салат».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, Кудайдын үнү, Ахан, чалгынчы, Нундун уулу Жашыя

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on August 22, 2022, at 05:25 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)